Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маданият менен спортту бир тармакка сыйдырбай, экиге бөлүү сунушу айтылды

Маданият менен спортту бир тармакка сыйдырбай, экиге бөлүү сунушу айтылды

07-сентябрь, 09:38
8 998 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукта маданият менен спортту бир казанга кайнатпай, өз алдынча министрлик же агенттик кылып ажыратуу керектиги айтылууда. Бул маселе өзгөчө Токио олимпиадасында биздин спортчулардын жараткан ийгиликтеринен улам келип чыкты. Кыргыз спортун ийне-жибине чейин билген Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев агабыз менен кыргыз маданиятынын тилин сууруп, тишин чаккан Замир Сооронбаев агалардын ойлорун угуп көрдүк.

Каныбек Осмоналиев:

-- Маданият да, спорт да ар бир өлкөнүн өнүгүшүндө эң маанилүү, орчундуу тармак экенин айтып коюшубуз керек. Экөөндө тең түмөн түйшүк, кыйынчылыктар, кырдаалдар толтура. Анан ушул эки тармак бүгүнкү күндө баардык жагынан аксап турат. Мен эми кыргыз спортунун ийне-жибине чейин билген адам катары спорттун кайсы гана түрүн албайлы, кайсы жагына мамлекет тарабынан көңүл бөлүнүп, кандай муктаждыктар бар экенин бүт билем. Ошондуктан Садыр Нургожоевичке спорт агенттигин маданиятка кошпой, өзүнчө калтырып берүүсүн өтүнөт элем. Жакында эле Токио олимпиадасы буга жакшы сабак болуп берди деп ойлойм. Кыргыздын желеги үч ирет желбиреди. Биздин спортчулар бүткүл дүйнөгө кыргыз эли ким экенин таанытты. Биздин туубуз кайсы учурда чет жерде желбирейт? Биринчиси, өлкө президенти барган учурда. Экинчиси, спортчуларыбыз мыкты көрсөткүчкө жетишип, медаль алганда желбирейт. Кийинки олимпиада Францияда 2024-жылы болот. Аз гана убакыт калды. Үч жыл бир көз ирмемде өтүп кетет. Андыктан бүгүн эрте, эртең кеч боло электе биздин өтүнүчкө жакшы тыянак чыгаруусун президенттен өтүнөм.

Замир Сооронбаев:

-- Албетте, экөөнү эки жакка бөлүп койгон оң. Булар кыргыздын жүзү боло турган тармак. Бир кылып койгондо татаалырак болуп калат экен. Тигинисине көңүл бурса, мунусу калып калат дегендей. Опера-балет, драмтеатр, филармония, куурчак театры ж.б. маданият чордондору таптакыр эле унутта калды. Мамлекет маданиятка тийешелүү көңүл бөлбөгөндүктөн, театрларда жаңы спектаклдер коюлбай калды. Коюлса да эски костюмдарды чампалап, эски декорацияларды жамап-тескеп коюшат. Артисттердин айлыгы – эшек өлбө, араба сынба. Айласы кеткенде амалдуулары тамада болуп, той-топурда ырдап жүрүшөт. Театрга барып руханий азык албагандыктан, азыркы жаштар опера-балет, драма, симфония дегенди билбей, кайсы бир деңгээлде деградацияга кетип баратат. Дагы бир жолу айтам, спортту өзүнчө, маданиятты өзүнчө калтыруу керек.  



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер