“Чолчоңбай” Нурдан Орунтаев садага чабылары каңкууланууда

Бийлик короосундагы эрке балдар чекесинен жазалана баштады. “Унаа” ишканасынын директору Рустам Жокоев коррупцияга батканы, мыйзамсыз байыганы боюнча камалып кеткен. Экинчиси Нурдан Орунтаевди спикер Нурланбек Шакиев өткөн жумада парламенттен катуу зекиди. “Эң биринчи сага окшогон бийликтин эрке балдары жазаланат” дегендей мааниде шагын сындырып, “Чолчоңбай” деген ат коюп койду. Бул эргул архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин аркалаганы артынан шектүү кептер козуп, бутага алынганы жөн жерден эмес да. Шакиев бекер жерден шалбырата тилдеди дейсиңерби? Жазасы да карала баштаганы тар чөйрөдө айтылууда. Ушундай эркеталтаң балдардын айынан бийлик ичинде ырк кетип, эки ажырымга кетүүгө негиз жаралып жаткан жокпу? Кеп оролу ушунда.
"Азия Ньюс" гезити