Акыркы кабарлар
» Саясат » Генерал Суваналиевдин сөзүнөн кийин Сегизбаевдин штабы тарай баштаптыр
Генерал Суваналиевдин сөзүнөн кийин Сегизбаевдин штабы тарай баштаптыр
12-декабрь, 19:29
6 677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бакылдап чыккан Абдил Сегизбаев коомчулукту адаштырууга багыт алган. Жада калса ага ишенгендерди кайда жашырабыз? Мындай шартта генерал Өмүрбек Суваналиев таамай анализ жасап, Сегизбаевдин башпаанек алып, кача турганын ачыктаган. Учурда анын “табакташтары” камала баштады. УКМКнын кечээги орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалса, Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Булардын алтын контрабандасы боюнча мамлекетке ири зыян келтиргени айтылууда. Президенттик шайлоодон кийин Абдил Сегизбаев да камакка алынары, же качып кетери болжонууда. Дал ушул жагын Суваналиев чемелеп бергенден кийин анын штабындагы офицерлер, тарапташтары кете башташыптыр. Аныгында, ким эле кылмышка шектүү адамга аралашып, балээге кабылгысы келсин?..
Aryba.kg