Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Интрига курчуйбу? Элчи Текебаев Көкүйгө жакпай жатыптыр

Интрига курчуйбу? Элчи Текебаев Көкүйгө жакпай жатыптыр

18-март, 19:30
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаевдин ишмердиги Көкүйдөгү чоңдорго жакпай жатыптыр. Натыйжалуу ишин көрсөтө албай, инвестиция тартууга шаасы келбей, бирок жеңил пиар менен алектенип, өзүнүн имиджи үчүн гана жан үрөп жүргөндөй. Кыскасы, эс алып, жеке комфортуна маашырланып, байдын эрке баласындай каада күткөнүбү? Негизи бийлик төбөлдөрүнө Текебаев дос эмес, кокус бир жеринен мүдүрүлсө, Каныбек Иманалиев министрликтен чабылгандай эле мисал кайталанып, элчибиз жерге учуп түшөт. Кыраакы саясатчы ал жагын деле түшүнүп тургандыр, бирок баягы пендечиликтин күнүн өткөргөндөй... Анан калса, Өмүке кыйын кезеңде арка-жөлөк болгон адамдарды тез эле унутуп, кол шилтеп басып кеткендей образда жүргөнү кызык. Эртең жумушсуз калып, оппозицияга оосо, кайра колдоочуларды чогулта алабы? “Кескелдириктей куйругуңду кесип кете бересиң, сага ишенбейбиз” деп коюшса, шагы сынып калат да. Жашы дагы жетимишке таяп баратат. Кичине арканды алыс ыргытса не?

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер