Акыркы кабарлар
» Саясат » Мааракеден кийин Акылбек Түмөнбаевге нааразы болгондор көбөйдүбү?
Мааракеден кийин Акылбек Түмөнбаевге нааразы болгондор көбөйдүбү?
11-август, 19:16

Жакында Каркырада Түгөлбай Сыдыкбековдун 110, Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы өтпөдүбү. Депутат Акылбек Түмөнбаев бул иш-чараны демилгелеп чыкканын билебиз. “Аты калды Манаска...” дегендей. Мааракеден кийин нааразы кептер козуптур. Эмесе, суроо берели. Баардык жүктү көтөрүп аткандай түр көрсөткөн Түмөнбаев битирленип, болгону эки бээ сойгонбу? Калганын айыл өкмөттөрдөн “сыкканы” ыраспы? Башка да демөөрчүлөр салым кошушканбы? Бул боюнча Ысык-Көлдө кеп кызып, депутаттын пайдаланып кеткенине кыжырдангандар арбыдыбы? Улуу инсандардын белгилүү даталарын белгилеп жатып, арттан сөз ээрчитип, көз жазгыруу кимге опо? Соболдорго жооп келсе керек. Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити