Бакыт Жетигеновду иштетпей жатышабы, же анын болгон дарамети ушулбу?


Ысык-Көл облусунун губернатору Бакыт Жетигеновдун ишмердиги анчейин көрүнбөй атат. Чолпон-Атанын мэри кызматын таштап кетти. Айыл өкмөттөрүнөн бери коррупцияга шектелишип, текшерүүлөр жүрүп жатканы маалымдалууда. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул жаатта өзү команда бергенин да көрдүк. Ошентип, Каракол, Балыкчынын мэрлери, Түптүн акими алмашты. Айтор, сезон учурунда эмне эле буркан-шаркан түшүп калышты? Кадр саясатын губернатор тескеш керек эле. Береги Балыкчынын башчысы Султан Кермалиевдин кебетесин көрдүңөр. Интервью берип, “иттей” талкуу жаратты. Мамлекеттик кызматтын этикасын уруп ойнобой! Туристтер, эс алуучулар көлгө агылып аткан чакта жетекчилер алдыртан даярдыктарды көрүшү керек болчу. Тилекке каршы, ит куугандай эле кымгуут көрүнүштөр орун алууда. Ушундан улам кандай тыянакка келебиз? Губернатор Бакыт Жетигеновду иштетпей жатышабы, же анын болгон дарамети ушулбу? Эл карап турат да. Адилеттүү баа берүү шарт.
"Азия Ньюс" гезити











