Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы башталды
“Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы башталды
14-сентябрь, 18:52

Бүгүн, Бишкекте “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” эл аралык кино фестивалы старт алды. Ачылыш аземи “Манас” кинотеатрында кызыл килем менен башталды.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун жана “Айтыш” коомдук фонду тарабынан ишке ашууда. Быйыл кинофестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. 17-сентябрда өз ишин аяктайт.