Ыманалы САРКУЛОВ: “Жыл башынан бери унааларга жасалма номурларды тагып алган 810 факты такталды”


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары менен маек.
-- Жолдош полковник, жакында эле жасалма номер боюнча чоң ызы-чуу болуп, кээ бирөөлөр аны мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине окшоштуруп ийишти. Унаанын чыныгы ээси аныкталдыбы?
-- Ооба. Азыркы күндө 578 номери менен жүргөн “Мерседес” автомашинасы аныкталып, кармалып, атайын токтотуучу жайга коюлган. Ал номер биз тараптан алынды. Азыркы күндө жалган номурду тагып жүрүү боюнча бузуулар кодексинин талабына ылайык тийешелүү протокол түзүлгөн. Аны мындан ары толуктап, тактоо боюнча болгон материалдын баардыгы тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми кармалган жаран мамлекеттик каттоо кызматына дагы, прокуратурага дагы эч кандай тийешеси жок.
-- Жасалма номер колдонгондорго карата кандай жаза каралган?
-- 10 миң сом айып пул. Биз азыр мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз, эгер ошондой жалган номурду колдоно турган болсо, 20 миңден 30 миңге чейин, ал эми өзү жасай турган болсо, анда 30 миңден 60 миңге чейинки айып пул салынат. Ал мыйзам долбоору бүгүн экинчи-үчүнчү окууда каралмакчы.
-- Жасалма номурларды кимдер көп колдонот? Сиздерде ошондой маалымат барбы?
-- Биз протокол жазып жатканда ар бир адам ким экенин, кайда иштей турганын, чинин жаап-жашырат. Ошон үчүн аны биз так айта албайбыз. Бирок, жылдын башынан бери жасалма номурларды тагып алган 810 факты такталып, протокол түзүлүп, тийелешүү чаралар көрүлдү.
"Азия Ньюс" гезити











