Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан ПРИМОВ, ЖК депутаты: “Кылмыштуу топтун адамдары шаар аралап жүргөн жок”

Улан ПРИМОВ, ЖК депутаты: “Кылмыштуу топтун адамдары шаар аралап жүргөн жок”

13-декабрь, 11:29
1 115 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Улан мырза, кыргыз сотунун 95 жылдыгы белгиленип, анда президент Жээнбеков катышып, тармактагы аксап жаткан жагдайларды атады. Тармакка былтыркыга салыштырмалуу көп каражат бөлүнгөнүнө карабай, реформа ойдогудай ишке ашпай, алдыга жылбай жатканын белгиледи. Сиздин оюңуз кандай бул багытта?

-- Президент Сооронбай Шарипович өз оюн айтты. Тармактагы иштердин араңжан жүрүп жатканына нааразы болду. Мен да кошулам буга. Анткени, ооба, реформа жасоого бюджеттен миллиондоп каражат бөлүндү. Шарттар толук кандуу түзүлдү. Соттор адилеттүү болсо, коом адилеттүү болот, мамлекетке, бийликке болгон элдин ишеними артат, баары ишенет. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатат.

-- Сапар Исаков баш болгон ТЭЦтин айланасындагы коррупцияда айыпталып камалгандар, алардын жакындары дагы сот тармагына, айрыкча азыркы иштеп жаткан сотторго нааразылыктарын айтышууда. “Чечимдер туура эмес чыкты” дегенге кошуласызбы? 

-- Азыркы иштеп жаткан соттордун дээрлик көбү мурдагы эле бийликтин тушунда иштеген соттор. Аларды “мурда башкача чечим чыгарып, азыр башкача чыгарып жатат” дегенге болбойт. Ал эми ТЭЦ иши боюнча 10-15 жылга эркинен ажыраткан чечимдерге нааразы болушкандар кийинки инстанцияга даттанышса болот. Анткени, бул чечим 1-инстанциянын гана чечими. 

-- ИИМ өткөндө эле “Кыргызстанда ОПГ жок” деп билдирүү тараткан. Бирок, эки күн мурда шаарда кылмыштуу дүйнөнүн адамдары (!) делгендердин ортосунда атышуу болду. Акыркы учурларда адам өлтүрүү, атышуу күчөп жатканы эмнеден улам дейсиз?

-- “Кылмыш дүйнөсү баш көтөрдү”, “кылмыштуу топтун адамдары шаар аралап жүрөт” деген маалыматтарга кошулбайм. Жөн эле айтылган сөздөр. Бирок, ошол эле учурда “ОПГ жок” дегенден да алысмын. Министр Кашкар Жунушалиев айткандай, үч топ бар. Ошолордун ортосунда мезгил-мезгили менен тирешүүлөр болуп турат. Аларды болтурбоого, мыйзам чегинде аларды жоопкерчиликке тартууга биздин тиешелүү кызматтар иш жүргүзүп турушу керек.

-- Негизи эле укук тармагынын ишине купулуңуз толобу? Кандай иштеп атышат?

-- Жакшы да, жаман да иштешкен жок. 


Динар ТУРДУГУЛОВА

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер