Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМдеги “ири коррупционер” Конок Өскөнбаев качан жоопко тартылат?

ИИМдеги “ири коррупционер” Конок Өскөнбаев качан жоопко тартылат?

04-сентябрь, 10:45
4 759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз өткөн сандарда ИИМдин ички иликтөө коопсуздук башкармалыгы мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берип, катардагы милиция кызматкерлеринин коомчулук астында абройлорун түшүрүп жатышканын жарыялаганбыз. Тилекке каршы, бул башкармалыктын жетекчилери сынга чычалап, Кашкар Жунушалиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде бизди сотко бергенге да үлгүрүштү. Жогорку чиновниктер баш болуп, массалык маалымат каражаттарына чыккан макалаларга туура баа берип, айтылган сын пикирлерди кабыл алып, аларды жоюунун ордуна, убактыларын кетиришип, биз менен соттошуп атканын карабайсыңарбы! Мейли соттошсун, бирок сот бир күндө бүтпөйт, жылдап созулат, ошол аралыкта биз булардын коомчулук билбеген былыктарын тынымсыз жарыялап турмакчыбыз.

Ар бир кызматкердин артында үй-бүлөсү, туугандары жана жоро-жолдоштору бар. Жогорудагы жетекчи Конок Өскөнбаев өзгөчө кырдаал учурунда өзүнүн сабатсыздыгын көрсөтүп, милиция кызматкерлеринин кээ бир кыял-жоруктарын видеого тарттырып, соцтармактарга атайылап чыгарткандыгы, бул башкармалыктын ичинде мурда оор беренелер менен кылмыш иши козголгондор жана бул кызматка чейин ырчы болуп жүргөндөр иштеп келишкенин жазбадык беле? Дагы бир чычалашканы, өздөрүнө кылмыш иши ачылгандыгын коомчулук билип калганы. Бул чындык да, туурабы?..

2019-жылдын 23-сентябрында бул башкармалыктын эргулдары, Конок баш болуп “Октябрь РИИБнин үч опер кызматкерин жана бир тергөөчүсүн 1000 АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармадык” деп жар салышкан. Эң кызыгы, кармалган үч опер кызматкердин бирөөсүн алдап, мойнуна алдырышып, кылмыш ишин сотко 204-берене (“Алдамчылык”) менен жиберишкен. Кана, “пара алды” деген берене? Калган эки опер кызматкер жана бир тергөөчү күнөөлөрү далилденбей, мыйзамсыз бир жарым ай түрмөдө жатышты. Булардын тагдырына ким жооп берет? “Мыйзамсыз камоо” деген берене эмне, буларга иштебейби? Эмне үчүн бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргөн эмес? Бул жерде жок акчаны алардын машинесине ыргытып, кылмыш ишин токутушуп, ошонун айынан алдамчылык беренеси менен бир гана Эдил Кыдыровду сотко жиберишкен. Бул башкармалыктын кызматкери Канат Бейшекеев мурда Лебединовка айылында жайгашкан “Дияр” кафесинде 1998-жылга чейин ырчы болуп иштегенин бир канча адамдар тастыктап беришкени, дагы бир кызматкери Казим Ташпаевге карата 2016-жылы Ала-Бука прокуратурасы тарабынан 128-16-134 сандуу КР кылмыш кодексинин оор беренелери – “Каракчылык”, “Адам уурдоо” боюнча кылмыш иштери козголгондугун танып кетишеби? Баарысы фактынын негизинде жазылып атса, кайсы арыңарга чычалайсынар?! Дагы бир так серигени – Конок Өскөнбаев өзүнүн жетекчиси Талант Акматовду ээрден шыпырыш үчүн, ал 2020-жылдын 3-февралынан 20-февралга чейин эмгек өргүүсүндө жүргөндө ушул эле башкармалыктын түштүк аймагы боюнча опер кызматкери Улук Абдыкалыковго арыз жаздырып, ИИМдин башкы штабына кызматтык иликтөө жүргүздүрүп, жыйынтыгында, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттатканын кантип танат? Максаты – анын ордун алуу болгон. Бул жерде айта кетчү нерсе, Улук деген аттын “Рустамга” адашып жазылганы. Бирок, факты турат!

Бул жетекчи жөн жүрбөй, өзүнүн артын жабыш үчүн кылмыш иликтөө башкармалыгынын үч опер кызматкерин жумуштан мыйзамсыз алдыргандыгын сезип, соттук процесстерге өзү жетектеген башкармалыктын кызматкерлерин тобу менен жибертип, айла-амалын таппай жүргөн кези. Конок мырза, “ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөздүн төркүнүн билип жүр! Министриң бир айдан кийин кетет, анан көрөбүз кимге таянарыңды? Тагдырың жарга асылып калбасын?!.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер