Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ноокен районунда аялы күйөөсүн бычактап өлтүргөн

Ноокен районунда аялы күйөөсүн бычактап өлтүргөн

08-апрель, 13:38
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ноокен районунда аял күйөөсүн өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ маалымдап чыкты.

31-март күнү саат 15:00дөр чамасында жубайлар уруша кетишип, аялы ашканадагы бычак менен күйөөсүнүн төш жагына сайган. Эркек киши алган жаратынан улам ооруканага жетпей жан берген.

Аталган факт райондук ИИБге каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Адам өлтүрүүгө шектелип 1973-жылы туулган З.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул үй-бүлө 4 баланы тарбиялап келишкен. Экөө Россияда иштеп жүрсө, эки өспүрүм ата-энесинин колунда болчу. Аларды жакын туугандары алып кетишти.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер