Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үчүнчү ирет "Тазалык" ишканасынын жумушчусун автоунаа коюп кетип каза тапты

Үчүнчү ирет "Тазалык" ишканасынын жумушчусун автоунаа коюп кетип каза тапты

04-январь, 17:16
3 095 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын көчө шыпырып жүргөн жумушчусун автоунаа коюп кетип каза болду. Бул тууралуу кайгуул милиция башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 4-январда, болжол менен саат 8:15тер чамасында болгон.

"41 жаштагы Р.Г. аттуу айдоочу аял “Toyota Probox” үлгүсүндөгү автоунаа менен Шабдан баатыр көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, ТЭЦтен өткөндөн кийин 35 жаштагы "Тазалыктын" К.С. аттуу кызматкерин сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаратынан ошол жерден мүрт кеткен" деп айтылат маалыматта.

Автоунаа убактылуу айып короосуна токтотулуп, айдоочу Бишкек шаардык милициянын тергөө кызматына жеткирилгени айтылды. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын эмнеден болгону такталып жатат.

Соңку бир айга жетпеген убакта ушуну менен "Тазалык" ишканасы үч кызматкеринен айрылып жатат. Узаган жылдын 12-декабрында 47 жаштагы, андан алты күн өткөндөн кийин 61 жаштагы киши көчө шыпырып иштеп жүргөн жеринен набыт болгон. Экөөнү тең автоунаа коюп кеткен, экинчи окуяда айдоочу мас экени аныкталган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер