Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мас айдоочуларга айып пулду көбөйтүү сунушталууда

Мас айдоочуларга айып пулду көбөйтүү сунушталууда

11-декабрь, 15:46
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн парламентте жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Талкууда депутат Азамат Арапбаев ичкилик ичип, рулга отурган айдоочуларга айып пулду 10 эсе көбөйтүүнү сунуш кылды. 

Депутаттын айтымында, базар экономикасынын шартында айрымдарга мас абалында машине айдагандар үчүн салынган 17,5 миң сомдук айып пул аз болуп сезилет. Ошондуктан ал өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептеген айдоочулар үчүн айыппулду 10 эсе көтөрүүгө чакырды.

Жыйынга катышып жаткан Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ичкилик ичип машине айдагандардын жазасын күчөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, учурда мас абалында машина айдаган айдоочулар үчүн айып пулдун көлөмү 17,5 сомду тузөт, эгер он эсе жогорулата турган болсо, мас айдоочуга салынчу айыппул 175 миң сомду түзөт.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер