Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан КАЗАКБАЕВ, ЖК депутаты: “Дипломат машинасын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Кыргызстандан барган делегацияга берүүгө милдеттүү”

Руслан КАЗАКБАЕВ, ЖК депутаты: “Дипломат машинасын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Кыргызстандан барган делегацияга берүүгө милдеттүү”

17-ноябрь, 15:49
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Руслан Айтбаевич, сизге мурдагы дипломат катары суроо берейин. Дипломатиялык кызматкерлер кызматтык машинасын бирөөлөргө, айталы, досторуна, тааныштарына берип койсо болобу?

-- Эми дипломатиялык машиналардын айдоочулары бар да. Эгер айдоочулары болбосо, дипломат өзүнүн машинасын берип аткан болсо, ал башка маселе. Үй-бүлө мүчөлөрүнө, же Кыргызстандан барган делегацияга берүүгө ал милдеттүү да. Кантип бербеш керек?.. Мисалы, депутаттар барат, министрлер барат. 

-- Бирок, Айеркен Саймаити Түркияга делегация менен барган эмес, үй-бүлө мүчөсүнө да кирбейт. 

-- Эми бул жерде караш керек. Эгер консулдук өзүнүн машинесин Саймаитиге берип койгон болсо, бул маселени мыйзам чегинде, мыйзам алкагында караш керек. Ал эл аралык конвенцияларды да бузуу болуп саналат, биздин мыйзамдарды да бузуу болуп саналат. Бирок, менин билгениме караганда... Тышкы иштер министрлиги маалымат бериптир, “сатуу салонуна коюлган” деп. “Азаттыктын” комментарийлеринде “ал номер жасалма экен” деп жүрөт. Ошондуктан, биринчи изилдеп чыгыш керек муну. Чындыгында дипломаттык машинаны Кыргызстандан иш сапары менен барган жарандарына, консулдук ишке байланыштуу, же Кыргызстандын ишине байланыштуу кызматкерлерге берсе болот. Анан жөндөн-жөн эле сыртта жүргөн, кылмыш иштери менен байланыштуу болуп, издөөдө жүргөн кишиге берилгени – бул чоң маселе. Муну караш керек. 


Аттокур ЖУМАЕВ

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер