Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сагындык КЕЛДИБАЕВ, ЖК депутаты: “Мергенчилик Казакстанга агылып кетсе, бизге каражат түшпөй калат”

Сагындык КЕЛДИБАЕВ, ЖК депутаты: “Мергенчилик Казакстанга агылып кетсе, бизге каражат түшпөй калат”

05-ноябрь, 11:26
345 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сагындык мырза, өкмөттүн кышка даярдыгы тууралуу маалыматын уктуңуздар. Даяр экенбизби?

-- Кышка даярдык тууралуу маселени комитетте да караганбыз. Тийешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери чакырылып, аларга суроолорду бергенбиз. Өкмөт тараптан “кышка толук кандуу даярбыз, 1-ноябрдан тарта социалдык объектилерге: ооруканаларга, мектеп, бала бакчаларга жылуулук беребиз” деп сөз беришти. Маалыматтарына ишенсек, буюрса, кышта көйгөй болбойт, аман-эсен чыгабыз. 

-- Аңчылыкка он жыл мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоору депутаттар тараптан четке кагылды. Мында кандайдыр бир себептер барбы, же кызыкчылыктар роль ойнодубу?

-- Мыйзам долбоорунун четке кагылышынын себеби бар. Казакстан буга чейин аңчылыкка мораторий киргизген. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, азыр алар ошол мораторийди алып салганы жатышат. Эгер биз мындай мыйзамды киргизсек, мергенчилик ошол жакка агылып кетет да, бизге каражат түшпөй калышы мүмкүн. Ушул гана ой болду. 

-- Кесиптешиңиз Жыргалбек Турускуловдун атылган кайберен менен түшкөн сүрөтү коомчулуктун сынына кабылууда. Бул боюнча эмне айта аласыз? 

-- Ал кишинин фотосуна комментарий бербей эле коёюнчу.


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер