Бишкекте Киев көчөсү сейил паркка айланат, а жол тыгыны кантет?
Бишкек шаарынын мэри Азизбек Суракматов борборду оңдоп, жаңы парктарды куруп, жолго асфальт төшөп, гүлдөтүп жатканы, дегеле анын ар бир иши социалдык желелерге чыгып, жакшы эле жарнамаланып жатат.
Бүгүн, Бишкек шаардык мэриясы тараткан маалыматка таянсак, борбордогу Киев көчөсү автоунаалар үчүн жабылып, жөө адамдар сейилдеп, эс алуучу жайга айланат экен.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Линейный көчөсүн толук оңдогондон кийин, Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу каралууда.
Киев көчөсүн жөө сейилдөөчү жайга айландыруу планы бир жылдын ичинде ишке ашып калаары айтылууда.
Учурда Бишкектин көчөлөрүндө унаанын тыгыны абдан көп болгондуктан, кошумча жолдорду ачуу коомчулуктун сунушу болуп жаткан эле. Ал эми унаа жүрчү жолду жабуу туурасындагы мэриянын сунушун эл кандай кабыл алат болду экен?