Чолпонбек ТИЛЕНБАЕВ, билим берүү боюнча көз карандысыз эксперт: “Айрым союз убагындагы программалар али окутулууда”


Кыргызстандагы билим берүү тармагына өз салымын кошкон, билим берүү боюнча көз карандысыз эксперт Чолпонбек Тиленбаев агай төмөндөгү көйгөйлөрдү баса белгиледи.
-- Агай, билим берүү системасындагы бүгүнкү абал жана көйгөйлөргө токтолсоңуз?
-- Азыркы учурда билим алууда элде тандоо бар. Акчасы барлар жакшы мектептерге берет. Каалагандарга чет элдик стандарттарда окутабыз дегендер бар. Бирок, мурунку система менен эле кетебиз дегендер мурунку мектептерге эле берсе болот. Ошондой болсо да билим берүүнүн көп түрдүүлүгү жакшы нерсе. Экинчиси, мамлекеттик мектептерде балдардын саны аябай көбөйдү. Негизги стандарт боюнча 25-30 бала гана окушу керек эле, бирок, жакшы гимназия-мектептерде балдардын саны 45-50гө жетти. Билим берүү системасы, мектептин абалы өлкөдөгү абал менен түздөн-түз байланышкан. Өлкөбүз жакшы деңгээлге жеткен жок. Билим берүү системасы дагы өлкө акыбалын көрсөтүп, “эшегине жараша тушагы” болуп турат. Бул өңүт – мамлекеттин күзгүсү. Аталган тармак аркылуу мамлекеттин деңгээлин аныктаса болот. Билим берүү системасы жай өзгөрө турган система. Бул аң-сезимди оңдоо, жалпы билим берүү багытын аныктоо сыяктуу көп мезгилди дагы, аракетти дагы талап кыла турган система.
Жакында 8-класстагы неберемдин маселелерин карап отурдум. Илгерки союз убагындагы китептер алигүнчө колдонулуп жатат. Кыскасы, билим берүү системасы акырындап баардык жакты камтып келип өзгөртүш керек. Ошол эле мезгилде кечигип жатабыз. Союз убагындагы Кыргызстан менен азыркы мезгилдеги Кыргызстандын абалы асман менен жердей. Бул боюнча бизде көйгөй бар. Китептеги каталар боюнча бир топ ызы-чуу болуп кетти. Бирок, бул басмакананын деле катасы болушу мүмкүн. Ал үчүн билим берүү министрлигин жазалоо ашыкча. Азыр биздин коом жакшы нерселерди карабай эле бирөөнүн айыбын таап, “революционер” болуп чыгып жатабыз. Ар бирибиз балдарыбыздын келечегин жакшы түптөй алсак, мамлекеттин да өнүгүшүнө кошкон салымыбыз болот.
"Азия Ньюс" гезити











