Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Араб фондусунун жардамы менен дагы эки мектеп курулууда”

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Араб фондусунун жардамы менен дагы эки мектеп курулууда”

28-апрель, 21:06
546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, округга барганыңызда шайлоочуларыңыз кандай көйгөйлөрдү айтышты?

-- Көйгөйлөр көп, бирок ошолордун арасында жашы улгайып калган, өлкөбүздүн коомдук, саясый-экономикалык турмушуна кайдыгер карабаган кишилер “эмне үчүн парламенттик түз эфир болбой калды? Депутаттар кандай мыйзамдарды кабыл алып жатканын биле албай жатабыз” деген талабын коюшту. Андан сырткары, жол, сугат, таза суу, жер семирткичтер менен камсыздоо сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

-- Жаңы мектептин ачылышына катышкан турбайсызбы...

-- Кызыл-Туу айылындагы Араб фонду менен бирдикте салынган мектепте болдук. Мен аларга компьютер алпарып тапшырдым. Алтынчы чакырылыштан бери Кара-Алма айыл өкмөтүнө мектеп салуу боюнча маселе көтөрүп жүрдүм эле, азыр буюрса, мектеп бүтөйүн деп калыптыр. Кечээ барганда курулуштун жүрүшү менен таанышып келдим. Айтор, мамлекетти эле карап отура бербей, фонддор менен да иштешип, социалдык көйгөйлөрдү аз да болсо чечүүгө аракет кылып жатабыз. Буга чейин ФАП, мечиттен сырткары, эки мектеп курулду эле, учурда Араб фондусунун жардамы менен дагы эки мектеп курулууда. Айыл өкмөтү, жергиликтүү эл шагыл, усталардын тамагына бир аз жардам беришүүдө, калган 99 пайыз каржылоо арабдар тараптан. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер