Атыр Абдрахматова, акыйкатчы: “Акыйкатчынын аппаратындагылар жарандарга туура эмес мамиле кылышат”

-- Атыр Болотбековна, социалдык тармактарда акыйкатчынын аппарат кызматкерлеринин бир тобу сизге нааразы экендиги тууралуу маалымат тарады. Мунун канчалык чындыгы бар?
-- Аппарат кызматкерлеринин кээ бир бөлүгү “мурдагы калыпта эле иштешибиз керек” деп мен койгон талапка каршы чыгып жатышат. Эмгек кодексинин негизинде баардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Мамлекеттик кызмат боюнча да мыйзам бар. Анда “жетекчисинин койгон талаптарына каршы чыккан болбойт” деп так жазылып турат. Тилеке каршы, ал мыйзамдарды бузуп эле, “мурдагыдай иштешибиз керек” деген аракет болууда. Прокуратура эки жолу келип текшерди, эч кандай мыйзам бузуу аныкталган жок. Бирок, ортодон кандайдыр бир саясый оюндар өнүгүп, кызыкдар тараптардын колдоосу менен бүгүн да депутаттардын баарына кайрылып жатышыптыр. Бул уят нерсе да! Акыйкатчынын ишин камсыз кылган – бул аппарат. Ишти камсыз кылганы ушулбу? Он жылдык электрондук базабыз бар болчу. Менин тапшырмаларымдын баарын жокко чыгарууну көздөшүп, ошонун баарын сындырышты. Саботаж кылышып, ишти алпарбай жатышат. Жарандарга туура эмес мамиле кылышат. Өткөн эле жылы кээ бир кызматкерлердин үстүнөн 22 арыз түштү элден. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бир жактуу карап, менин айткандарымды укпай жаткандары өкүнүчтүү. Башкы прокуратура менен сот чечиш керек мындайды. Мага баа бере турган – бул эл. Ал эми элдин пикири мага түз, колдошот. Жөнү жок каралоолорго каршы чыгып, “тийбигеле иштеп аткан кишиге” деп талап коюшууда. БУУ Жогорку Кеңештин төрагасына “акыйкатчы тарыхта биринчи жолу альтернативдүү баяндамасын даярдады” деп ыраазычылык катын жөнөттү. Эгер иштей албай жаткан болсом, ушундайды кыла алат белем?
-- Ушу тапта аппаратта 19 бош орун бар экен. Мынча орундун бош турганы ишке залакасын тийгизбейби?
-- Залакасы тийбейт. Мына, өзүңүздөр карап көрсөңүздөр, Ош облусу боюнча бизге кайрылгандардын саны жылына 300гө жетпейт. Аны төрт кызматкерге бөлсөңүз, канчадан туура келер экен. Ал эми министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин аппаратындагылар күнүгө 12-15 арыздан карашат. Акыйкатчы – бул өзгөчө статуска ээ мамлеттик орган да. БУУнун бекиткен талаптары бар. Кандай улуттук азчылыктар болсо, алардын өкүлдөрү да иштеши керек. Андан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген, майып кишилерден да бизде эмгектенишсин. Бир көзү азиз юрист бала конкурстан өткөн экен, буйрук чыгарып, дароо ишке алдым. Бизге көбүнчө мамлекеттик кызматтан кыскаргандар иш сурап келишет. Эмне себептен акыйкатчы институтунда иштегеси келгенин сурасаң, “менин үйүм жакын, каттаганга ыңгайлуу” дешет. Же кээ бир таасирдүү адамдар “Атыр, менин кишимди ишке алчы?” деп чалышат. Анан ошолорду алышым керекпи? “Адам укугун коргогум келет, өз башыман кыйынчылык өткөн” дегендер керек мага. Анткени, алар кызыкдар болуп иштешет.
-- Ал бош орундарга конкурс жарыяланды беле?
-- Үч жолу конкурс өткөн. Майыптыгы бар, анан улуттук азчылыктын өкүлдөрүнөн талапкерлер чыкпай жатпайбы. Париж принциби деп аталып, БУУ бекиткен милдеттенмелер бар. Анын алкагында мен баардык тараптардын өкүлдөрүн жумушка алышым керек. Анан аялдар менен эркектердин да саны тең болууга тийиш. Бизде жумуш ушундай да. Менин бир милдетим элдин укугун коргоо болсо, экинчи милдетим эл аралык уюмдар менен иштешүү.