Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Дүйнөдө 11 пайыз адамдар ыштын кесепетинен өлүп жатканы маалымдалды”

Марлен Маматалиев: “Дүйнөдө 11 пайыз адамдар ыштын кесепетинен өлүп жатканы маалымдалды”

29-ноябрь, 09:00
310 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, кандай дейсиз, парламент кабыл алган токтомдор дайыма эле аткарылып жатабы?

-- Негизи эле биз мыйзамдарды эле эмес, өзүбүз кабыл алган токтомдорду да көзөмөлдөөгө тийишпиз. Мен ушуну практикага киргизип коёлу деп жатам. Мисалга алсак, азыр ыш маселеси абдан актуалдуу болуп жатканына байланыштуу ал боюнча токтом чыгарып, анын негизинде бир топ тапшырмалар берилген. Ал тапшырмалар аткарылса, бизде ыштын бир топ азаюусуна шарт түзүлөр эле. Анткени ПРООН өзүнүн изилдөөсүн жүргүзүп, 10-11 пайыз адамдар ыштын кесепетинен өлүп жатканын маалымдады. Эң башкы маселе – биздеги жаңы конуштардын газга кошулбаганы болууда. Кошулайын десе кымбат, 60-70 миң сомдун тегерегинде болот экен, аны жөнөкөй жаран төлөй албайт. Биз ошон үчүн газга туташтырууну кредитке жасоону, акысын 5-6 жылдын ичинде бөлүп төлөөнү сунуштадык эле. Ошондо маселе чечилмек. Мындан тышкары, электромобилдер, электроавтобустар, аларды заряддоочу жабдуулар менен камсыздоо боюнча да сунуштарды бердик. 

-- Бүгүн бир катар кесиптештериңиз депутат Өмүрбек Бакиров боюнча маселе көтөрүшүп, анын кабинеттен чыгарылышын парламентти сыйлабоо катары мүнөздөштү. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

-- Бул маселе боюнча мен иш башкаруучу келгенде өз пикиримди айтам. Депутаттардын кабинети жабылбашы керек деп эсептейм. Депутаттын кабинетин ачып алып, каалаганын кыла берген болбойт да. Бул жерде маселе Бакировдо эмес, маселе мандатта. Ал мандатты эл бергенден кийин ага тийбеш керек. 

-- Иш башкармалыгы катардагы депутат 7-кабатта отурбашы керек дегенге негизденип жатабы?

-- Андай жобо регламентте жазылган эмес. Эгер ошондой жобо болгондо, анда башка кеп эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер