Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Бакиевди мекенине алып келип, Атамбаевди үй камагына чыгаруу керек»

Бекболот Талгарбеков: «Бакиевди мекенине алып келип, Атамбаевди үй камагына чыгаруу керек»

17-ноябрь, 11:23
2 041 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый кырдаалдын чыңалуусу, өкмөттүн аксаганы, алдыдагы курултайдын күнгөй-тескейи туурасында экс-министр агабыз менен маектештик.

-- Бекболот байке, кийинки жумада өтө турган курултай жакшы жыйынтык бере алабы? Негизи бул жыйындын зарылдыгы бар беле?

-- Президент Садыр Жапаровдун курултайды өткөрүү чечимин туура деп эсептейм. Анткени, мына эки жылдан бери бийликтин үч бутагы тең – аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери мамлекетти натыйжалуу башкаруу, өлкөнү өнүктүрүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча өздөрүнүн жөндөмсүз, дараметсиз экенин толугу менен далилдешти. Кыргыз мамлекети учурда деградация жолунда. Демек, бул жагдайда, элдин соңку үмүтү алдыда өтө турган курултайда калды. Муну Садыр Жапаров өзү деле түшүнүп жатса керек. 

-- Курултай эл күткөн үмүттү актай алабы?

-- Аны божомолдой албайм. Эгерде курултайда бийликтин дүжүрлөрү басымдуулук кылышса, анда алар «баары сонун, өлкө өнүгүү жолунда» дешип, казы-карта, чучукка тоюп алышып, тарап кетишет. А эгерде аймактардан тажрыйбалуу, акыл-эстүү, мекенге чындап күйгөн инсандар көп шайланып келишсе, анда алар, албетте, эл-жер, өлкөнүн талылуу маселелерин көтөрүшүп, «кантип, кандай маанилүү чечимдер менен кыргыз мамлекетин азыркы деградация жолунан чыгарып, туруктуу демократиялык өнүгүү жолуна салабыз?» деген маселелердин үстүнөн иштешип, эл күтүп жаткан үмүттү актай алышат. Баарыбыз тең ушул вариант ишке ашарына тилек кылып туралы. 

-- Сиз өзүңүз кандай маселе көтөрөт элеңиз?

-- Мен мурдатан бери айтып келатам«элдик курултай – бул кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын чыңдаган, бекемдеген коомдук институт болсо» деп. Жеке пикиримде, бул багытта конкреттүү атайын иш-чаралар бекитилип, алар толугу менен турмушка ашырылышы зарыл. 

-- Сизде андай иш-чараларга сунуштар барбы?

-- Үч сунушум бар. Биринчиси, өлкөбүздүн экинчи президентинин мекенге кайтып келүүсүн камсыздоо. Өткөн мезгил көрсөткөндөй, 2010-жылкы 7-апрелдеги кандуу окуяга президент Курманбек Бакиев, бийликке келген Убактылуу өкмөт да бирдей күнөөлүү экени айкын болду. Агезде Бакиевдин өзүнүн жакшы иштери менен бирге калктын светке, телефон байланышына ж.б. төлөмдөрдүн жогорулашына болгон нааразычылыгы чекке жеткени айныксыз факт болчу. Ал эми Убактылуу өкмөттүн кийинки он жылдык башкаруусу кандай болду? Ал мезгилде мамлекеттин дөңгөлөгү тескери айланып келди. Аты «парламенттик», заты «анархиялык», чакчелекей, жоопкерсиз мамлекеттик башкаруу өкүм сүрдү. Саясый коррупция эбегейсиз гүлдөп, парламенттеги депутаттык бир мандат 300 миң доллардан 1 миллион долларга чейин жайма базардагы буюм сыяктуу эле ачык сатыкка түштү. Эгер 2010-жылга чейин Россияга, Казакстанга эмгек мигранттары болуп кетишкен кыргыздардын саны жүз миң чамалаш адам болсо, ал эми 2010-20-жылдар аралыгында алардын саны бир миллиондон ашты. Ал эми он жылдыкта өлкөгө кирген импорт товарлары тышка экспорттолгон товарлардан төрт-беш эсеге көбөйүп, анын айынан кыргыз мамлекети 25 миллиард доллар өлчөмүндө каражаттан кол жууду. Эгерде ошол эле мезгилде кыргыз мигранттары өлкөгө 25 миллиард доллар акча которбогондо, анда Кыргызстан экинчи Сомалиге айланмак. Ал он жылдыкта Кытайдан 1,7 миллиард доллар оор шарттагы кредит алынды. Үстөгү менен 3 миллиард доллар төлөп берүүгө аргасызбыз. Мынча каражатка миңдеген чакан жана орто ишканаларды куруп, болжолу 50-60 миң жаңы жумушчу орундарды түзсө болот эле. Демек, кандай жыйынтык чыгарабыз? Курманбек Бакиев өткөн он эки жылда бозгун болуп, салыштырмалуу түрмөдөгү 24 жылга барабар жаза өтөдү. Ал эми Убактылуу өкмөт жана анын жакын табакташтары өздөрүнө чакалап орден-медаль алышып, бир тобу миллионер болушту, майкөл-сүткөлдө жашап келатышат. Мындай көрүнүш адилеттүүлүккө жатабы? Ошол себептен, экинчи президенттин мекенге кайтып, соттун акыйкат чечимин алышы, ак болсо акталып, күнөөлүү болсо соттолуп, бирок бул жагдайда президент Садыр Жапаров тарабынан ага мунапыс берилиши – кыргыз элинин ынтымагынын бекемделиши үчүн керек. 

-- Экинчи сунушуңуз?

-- Өлкөнүн төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу. Анын ишмердиги боюнча ал бийликте турганда мен далай ачуу сын-пикир айткам. Аларды кайталоонун кажети жок. Президент Атамбаев мени жана биздин «Элдик парламент» уюмундагы төрт тарапташымды «төңкөрүш жасашмак» деген жалаа менен жалпы 49 жылга соттоткон. Үчөөбүз үч жарым жыл, экөө бир жарым жылдан түрмөгө отуруп чыктык. Кийин толук акталдык. Бирок мен өткөн жылы эле «Алмазбек Атамбаевди кечирдим» деп жарыя кылгам. Анткени ал Жараткандан өз жазасын толугу менен алды. Эми элдик курултай өз өлкөсүнө президент болгон адамды түрмөдө калтырып койгону – кыргыз элинин тарыхый айкөлдүк касиетине коошпой калат.

-- Үчүнчү сунушуңуз?

-- Өлкөдө учурда парадоксалдуу жагдай орун алды. Президент Садыр Жапаров өзү айткандай, ири коррупционер министрлер кабинетинин төрагасы болуп отурат. Акылбек Жапаровдун жыл башында ооз көптүрө айткан быйылкы өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө чогула турган 400 миллиард сомдун өзү эмес, карааны көрүнбөй, отуз жылда болуп көрбөгөн 35 миллиард сомдук бюджеттик таңсык орун алды. Дүйнөлүк эталон болгон, 1996-жылдан бери швейцария саатындай иштеп келаткан айыл чарба салыгын жоюп салып, аны менен айыл өкмөттөрдүн каржы булагын соолутуп, аларды борборго толук түрдө көз каранды кылып, эми мал башына салык киргизүүнү көздөп, элет элинин, өзгөчө тоолуктардын кыжырын кайнатууда. Депутаттардын айтымында, Акылбек Жапаровдун «Баткен облусундагы талкаланган айылдарды калыбына келтирүү үчүн бөлдүк» деген 3 миллиард сомдун дайыны жок экен. Анын толгон-токой убадаларынын бири да аткарылбай, бирок өзүн айга-күнгө теңете мактатып, ага сын айткандарды жардамчы жугундукоруна каралатып, кыргыз-тажик согушуна орун басарын жөнөтүп салып, өзү чартаңбай тээп келатат. 

Ошол эле учурда, парадокс дегеним, «Кемпир-Абад суу сактагычын өзүбүзгө калтырабыз» деп баш көтөрүп чыгышкан элдин мекенчил уул-кыздары түрмөгө камалышты. Президенттин «бөрк ал десе баш алган» жетекчилери аларга «массалык башаламандык уюштурууга даярданышкан» деген жалаа жабышты. Тагдырдын жазмышы, ар бир бийликте «жасоолдор» чыгышат экен. Акаевдик бийликтеги Мисир Ашыркуловдун, Бакиевдик бийликтеги Мурат Суталиновдун, Атамбаевдик бийликтеги Абдил Сегизбаев жана Фарид Ниязовдун, Жээнбековдук бийликтеги Кашкар Жунушалиев жана Орозбек Опумбаевдин кейиштүү тагдырлары Жапаровдук бийликтеги «жасоолдорго» эч сабак болбоптур. 

Учурда камакта жатышкан жыйырмадан ашык саясатчы, активисттердин баарын жакшы билем деп айта албайм. Бирок мен жакындан билген инсандар накта мекенчилдер экенин, ойлорунда эч кандай төңкөрүш жасоо болбогонун жоопкерчиликтүү айта алам. Алар – Мамбетжунус Абылов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Канатбек  Исаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улукбек Маматаев, Айданбек Акматов, Акыл Айтбаев, Жеңиш Молдокматов, Эрлан Бекчороевдер. Ошондуктан, элдик курултай жыйырмадан ашык саясый туткундардын маселесин сөзсүз карашы керек. Делегаттар аларды токтоосуз бошотуу боюнча чечим кабыл алышса, анда бул коомчулук күткөн жана адилеттүү кадам болмок.

Белгилүү советтик режиссер Тенгиз Абуладзенин «Покаяние» деген фильми бар. Анын соңунда бир кемпир жолдо турат. Ал өтүп бараткан кишиден «бул жол храмга алып барабы?» деп сурайт. «Жок» деген жоопту угуп таңгалат, «храмга алып барбаган жолду эмнеге курушат?». Анын сыңарындай, кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын бекемдей албаса, чыңдалбаса, анда бул курултайдын жыйынтыгынын мааниси канчалык деңгээлде болот?..


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер