Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умрага баргандар жоопкерсиздик, түркөйлүк, билимсиздикти көрсөтүштү!

Умрага баргандар жоопкерсиздик, түркөйлүк, билимсиздикти көрсөтүштү!

02-апрель, 11:27
1 554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Конфликтолог Бектемир Төлөн уулу умрага барып келгендер тууралуу жүйөлүү пикирин өз баракчасына калтырды.

“Умрага барып келген мекендештер!

Силерди эч ким коронавирусту жугузуп келишип, анан өз элине атайлап таратты (!) деп күнөөлөгөн жок.

Маселе башкада:

1. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Араб өлкөлөрүндө, коркунучтуу жугуштуу илдет күчөп жаткандыгы тууралуу маалымат тарагандан кийин (билбедик, укпадык дебейттирсиңер), Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги “Араб  өлкөлөрүнө барбоо боюнча” расмий эскертүү бергенден кийин, “кой, илдет жок болгуча тынч үйдө эле отуралычы, балээ басып жугузуп алып өзүбүзгө, жакындарыбызга да, башка бейкүнөө мекендештерибизге дагы зыян кылып койбойлу. Умрага кийин деле барсак болот деп үйүңөрдө эле отурсаңар болот беле? Болот эле, антпедиңер!

2. Мейли, өзүңөрдү, жакындарыңарды, элди ойлобой кете бердиңер, ошол жакта жүргөндө деле эпидемия учурундагы сактала турган элементардык гигиеналык нормаларды, эрежелерди (маска, резина мээлей, спирттүү антисептик ж.б.) тыкыр сактап, илдетти жугузбай соо келсеңер болот беле? Болот эле, антпедиңер!

3. Мейли, кокустан жугузуп алдыңар дейли, келээриңер менен “биз таптазабыз, биз ыйык жерден келдик, бизди текшербегиле” деп чуу салбастан, баарың тең 14 күндүк карантинде болгонго макул болсоңор, а турсун бийликтен ошону талап кылсаңар болот беле? Болот эле, антпедиңер!

4. Мейли, силерди бийлик “карантинге жатасыңар” деп мажбурлаган жок, а бирок силер үйүңөргө барганда маска тагынып, үй-бүлө мүчөлөрүнө да тактырып, өзүнчө бөлмөдө жатып, өзүнчө идиш менен бөлөк тамактанып, өзүңөр үйдө 14 күндүк карантин кылсаңыздар болот беле? Айылдын баарын чакырып, “ажы тойлорду” өткөрүп, жек-жаат, жоро-жолдош, туугандарыңардын үйлөрүн кыдыргандан көрө. Болот эле, антпедиңер!

Ушул нерселердин бирин дагы аткарбадыңар, эмне себептен билесиңерби?
- Жоопкерсиздик;
- Түркөйлүк, билимсиздик;
- Кенебестик;
- Кайдыгерлик;
 - Өзүм билемдик, тоготпостук.

Мына жогорудагы нерселерди аткарбагандыгыңардын себептери, бул себептерди билесиңер, бирок бириң да, мен акылдуумун деп, мойнуңарга албайсыңар. Же калппы?

Мына силердин күнөөңөр, Кудай алдында да, туугандарыңардын, айылдаштарыңардын, мекендештериңердин алдында кетирген тоодой күнөөңөр.
 
Ии, ошондой кылбаппыз да, бизден кетиптир да катачылык дегенге духуңар жетеби? Же бул Аллахтын сыноосу. Биз апкелбесек, башкалар менен келет эле да дегенден башка алгылыктуу жообуңар жокпу?

Фейсбукта илдет жугузуп келген умрачылардын бир нече адвокаттары пайда болуптур. Силер чындыкты айта аласыңарбы же акмак болушса да биздин акмактар деген принципте дагы деле илдет алып келген умрачыларды, дааватчыларды чаң жугузбай коргой бересиңерби?
 Силер үчүн 6 м
иллион кыргыз элине караганда, ошол 600 адамдын тагдыры бийик турабы?

Дагы бирөөңөр жазышыңар мүмкүн, динге каршы чыгып атасың деп.
 Мен өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын, айылдаштарынын, мекендештеринин ден соолугу жана өмүрү үчүн элементардык эрежелерди сактабаган топтун мүчөлөрүнө каршы чыгып атам
...”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер