Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков: “Мыйзамсыз иш кылган сотторду, прокурорлорду камаш керек”

Мавлян Аскарбеков: “Мыйзамсыз иш кылган сотторду, прокурорлорду камаш керек”

11-ноябрь, 19:07
545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

23-24-октябрда камалган саясатчы, активисттердин иштери каралып жатат. Эл күдүк ойдо... Бүгүнкү сот, прокурорлордун иштерине кандай ойдосуң?

-- Сотторду, орган кызматкерлеринин баарын жоопко тартыш керек. Өткөндө Садыр Жапаровду камаган сот Свердлов райондук сотуна сот болуп отуруптур. Бул эмне деген акмакчылык?! Мына, президентти мурда соттогон адам бүгүн дале иш алып барып жатат. Бул сотту кызматтан эле бошотпой, камаш керек эле. Азыркы сотторду, прокурорлорду камаш керек. Себеби, “мыйзамсыз буйрук” деген бар. Мыйзамсыз буйрукту берген адамды дагы, аткарганын да жазалоо зарыл. Туура эмес чечим чыгарган сот, прокурорлордун баарын коомчулукка алып чыгып туруп ашкерелебесек, мындай абал токтобой, туңгуюк айлампада кайра-кайра эле айлана беребиз. Ошол айлампаны ишке ашырып жаткан сот, прокурорлордун алган айлыгы коррупцияга айланат дагы, келген бийликтин “тилин таап” эле өз иштерин жасап келе жатат. Биринчи ошолорду жоопко тартууну биз көтөрүп чыгабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер