Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл арзып уккан Арзыбек Бедияров 70 жашта!

Эл арзып уккан Арзыбек Бедияров 70 жашта!

01-ноябрь, 09:00
972 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Болжолу, өткөн кылымдын 90-жылдары башталган кыргыздын той-топур, отуруштары Бедияровдун ырларысыз өтпөй калды. Мейли үйдө, кафе-ресторандарда болобу, баардык жерде Арзыбектин ырлары. Болгондо да эмгек сиңирген, эл артисти болуп калган аткаруучулардын аткаруусунда. Биз болсо Жумамүдүн Шералиевдин, Рыспай Абдыкадыровдун, Калыйбек Тагаевдин обондорунда чоңоюп, калыптанып калгандар “ии, жакшы экен” дегенден башка көп деле көңүл бурчу эмеспиз. Анан эле Арзыбектин ырлары “ии жакшы экен” дегенден да башкача таасир этип, эт жүрөктү бийлеп алды. 

Мен ал кезде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты элем (1-чакырылыш 1995-2000). Президент Аскар Акаевге бир иштер менен кирип, көпкө сүйлөшүп, сөз бүтүп турарымда эмнегедир “Аскар Акаевич, бу Арзыбек Бедияров деген бир обончу жигит бар, өзүнүн айылында жатып эле укмуш обондуу ырларды чыгарат экен, азыр кыргыздын бир да жакшылыгы Арзыбек Бедияровдун ырларысыз өтпөйт. Ушуга бир “эмгек сиңирген” дегенди берип койбойсузбу?” десем, жарыктык, “ие-ие, ооба, ооба, билем-билем” деп өзү отурган жакка барып жазып алган эле. Мен ал кезде Арзыбектин ырларын укканым эле болбосо, тааныш эмес элем. Ошентип дагы бир топ жылдар өттү. Чынын айтканда, кандай кырдаалда, качан кезигишкеним эсимде жок, бирок жолугушуп таанышканда эле айттым: “Арзыбек, Акаев менен ушундай сөз болгон эле” десем, “ооба, жүрсөм эле бир күнү “давай, документтериңди” деп эле келип калышты” деди. 

Мына, андан бери чейрек кылым өтүп, улам кийинки ырлары адамдардын көңүлүн өстүрүп, улам жаңы-жаңы сезимдерди тартуулап келет. Азыр эми бакыйган “эл артисти” болуп, дүйнөнүн кайсы булуң-бурчунда кыргыз болсо, ошол жерде Арзыбек Бедияровдун ырлары жаңырып турат, демек, кыргыз жыттанып турат. Өзүм күбө болгон айрымдарын эле айта кетейин: Американын Чикаго, Хьюстонунда, Италиянын Рим шаарында, Грециянын Афинасында, Индонезиянын Бали аралында ж.б. көптөгөн жерлерде кыргыз балдар-кыздар кол телефонунан Арзыбектин ырларын байма-бай коюп укканына күбө болдум. Эң кызыгы, быйыл бир иштер менен Москвада болгонумда, Кремлге жакын жердеги дарыяда экскурсиялык теплоходдо үн күчөткүчү толук бийиктикте Арзыбектин ырын ырдап баратышат. Бул деген Москванын так жүрөгүндө алысыраак тротуарда бараткан бизге дапдаана угулуп жатты. Илгери биз Москвада окуп жүргөндө Кремлдин дубалында баардык республикалардын гербдеринин катарында Кыргызстандын гербин көргөндө кандайдыр бир сыймыктануу сезими болор эле. Азыр эми ошол эле Кремлдин жанында Путиндин кулагынын түбүндө Арзыбектин ыры жаңырып турса, сыймыктануу сезими болот экен. Мына ушундай эле сезим Нью-Йоркто БУУнун имаратынын жанында дүйнөдөгү мен-мен деген дөө-шаа мамлекеттеринин желектеринин катарында өзүбүздүн желекти көргөндө да болот. Демек, Арзыбек кыргыз аттуунун баардыгына кыргыз болуп туулганына, кыргыз болуп калганына сыймыктанчу сезимдерди тартуулап келет.

“Арзыбектин ырларындагы адамды өзүнө тарткан магнит эмнеде болду экен?” деп ойлоном. Бул – жакшы текст жана ага жарашкан обон. Кээде ар түрдүү болуп калат эмеспи, кээ бирлердин обону жакшы да, сөздөрү жеңил-желпи, олуттуу эмес. Же болбосо жакшы текстке кандайдыр бир ойкуштаган обон чыгып, бирине-бири дал келбейт. Ошондуктан Арзыбек көбүнчө Эсенгул Ибраев, Надырбек Алымбеков, Омор Султанов, Жолон Мамытовго окшогон поэзиянын чыныгы эгедерлеринин ырларына обон чыгарат, бул элге жугумдуу жана угумдуу. 

Арзыбек Бедияровдун дагы бир өзүнчө белгилей турган жагдайы – (ал мына биз жакындан таанышканыбызга да жыйырма жылдай убакыт өттү) мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Эл алаканына салып турса да бой көтөрбөдү, көппөдү, жазыгынан жазбады, бир калыпта келе жатат. Бүгүн куда-сөөк, жек-жаат күтүп, чоң үй-бүлөнүн атасы, чоң атасы, таятасы. Патила экөөнү Кудай табыштырган – Арзыбекке Патиланы Кудай берген.

Эми Арзыбек, бу 70 жаш деген Мамбет Мамакеевдин айтымында, жаш эле бала чак. Мына жакында эле аксакалдын 95 жашын Улуттук илимдер академиясында белгиледик, “буттун эле кичине ооруганы болбосо, көз жана колдорум мурдагыдай эле” дейт. Демек, Арзыбек, бизге Мамбет Мамакеев ориентир эмеспи, аргамжыны алыска ыргыта бер!

Арзыбек, дагы бир олуттуу маселени сага айта кетейин. Өзүң билгендей, биздин үй-бүлөдө илимдин эки доктору бар. Ошондуктан коомдогу, күнүмдүк турмуштагы көп эле маселелерде биздин ойлор бир чыга бербейт. Бул же тигил маселелерде ар кимибиздин өз көз карашыбыз жана оюбуз бар. Бирок сен жөнүндө, сенин үй-бүлөң жөнүндө, сенин ырларыңдын философиясы боюнча оюбуз бир. Бул биздеги сейрек көрүнүш. 

Ошондуктан урматтуу Арзыбек! Биздин үй-бүлөнүн атынан 70 жылдык торколуу тоюң менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! Сен көптөгөн жылдардан бери өзүңдүн ыйманы ысык, элге угумдуу ырларың менен эли-журтубузду руханий жактан азыктандырып келе жатасың. Ушул басыгыңдан жазба. Жараткан өзү сага бардык жагынан жакшылыктарды берген. Сен азыр чоң мамлекеттин жетекчисисиң: уул-кыздар орун-очок алган, неберелерди ээрчитип, акылды пештеп, дагы жакшы ырларды жарата бер. Буга сенде потенциалдык мүмкүнчүлүк, Кудай берген талант, ошондой эле төгөрөгү төп келген жарың да, шартың да бар. Сага дайыма ийгилик каалайбыз. Казактарда бата бергенде мурдараак мындай бир айтым болор эле, ошону кыргызчага оодарып мындай демекчибиз: Жараткан сага өмүрүңдү узун кылып, кыргыздын улукманы Мамбет Мамакеевдин жашын берсин. Өзүң жакшы көрүп баалап-сыйлаган чыгаан инсан Исхак Раззаковдун башын берсин, жакшыбы-жаманбы кыргыздын тунгуч президенти Аскар Акаевдин кашын берсин. Ала-Тоодой бийиктикти, Ысык-Көлдөй тереңдикти, Алайдын жайлоосундай кенендикти ыроолосун!


Жолборс Жоробеков, саясый илимдердин доктору, профессор, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер

Мариям Эдилова, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер