Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек АСЫЛ уулу, ютибер: “Эртең менен ойгонгондо эле мага заказдар түшө баштайт. Келечек күнүмдү ойлобойм...”

Айбек АСЫЛ уулу, ютибер: “Эртең менен ойгонгондо эле мага заказдар түшө баштайт. Келечек күнүмдү ойлобойм...”

14-октябрь, 11:17
926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ютибер Айбек Асыл уулу азыр болгону 18 жашта. Борбор калаабыздагы Бакай-Ата конушундагы №85 мектепти аяктаган. Өзү курактуу балдардан айырмаланып, заманбап сайт жасоо, видеомонтаж, СММ кызматтарын аткарып, ютуб каналын иштетип, айына болбоду дегенде 800-1000 доллар киреше табат. Өзү курактуу жана андан улуу муунга шык берүү максатында Айбекти кепке тарттык. 

-- Айбек, бул кызматтарды аркалоого кай жактан билим алдың, кантип жеттиң?

-- Менин кызыгуум 6-7-класстарда эле башталган. Айрымдар “тубаса талантсың” деп айтып калышат. Ютуб каналдарын көрүп, изденүүдөн эле ушул деңгээлге жеттим да. Бул боюнча эч кандай курстарга деле барганым жок. “Тыйын топтоп, ноутбук алсам, анан барам” дечүмүн. Кесибимди улам тереңдетип алып кете бердим. Акыркы убакта практика жүзүндө эле көп нерсени үйрөнүп, курстун кереги деле жок болуп калды. Бирок, келечекке чоң пландар бар.

-- Азыр кандай кызматтарды аткарасың?

-- Мен өзүм дүкөндөрдө маркетолог болуп эмгектенип жүрдүм. Андан сырткары видеомонтажга кызыгам. 

-- Кардарларды кантип табасың?

-- Эң алгач Фейсбук социалдык тармагынан сайтты оңдоп-түзөөгө сунуш түштү. Тобокелге салып жасап көрдүм. Жактырып калдым. Азыркы учурда “сайт жасайм” деп жарыя деле бербейм. Тааныштар аркылуу эле биринен бири угуп кайрыла беришет. Андан тышкары дагы толгон токой жумуштарым бар. Бири болбосо бирин жасай берем. 

-- СММ, таргет кызматтары өнүктү, бул жакка кызыгууң кандай?

-- Мисалы, бир ишкердин бизнеси болсо мага кайрылат. Мен аны кантип, кайсы жакка таратуу керек, аудитория топтосо болот, Инстаграмда катталуучуну көбөйтүү иштерин көргөзүп, жардамдашам. 

-- Командаң барбы?

-- Буюрса жакшы пландар бар. Мага айрыкча тажрыйбалуу, өзүмдөн улуу адамдар менен иштешкен жагат. Билбеген нерселеримди үйрөнгүм келет. 

-- Айына тапкан кирешең кызык болуп турат...

-- Сайт жасайм. Андан тышкары ютуб каналым аркылуу туруктуу киреше табам. Убакыт өткөн сайын тажрыйбам артып, кирешем да көбөйүп келет. Бир айда болбоду дегенде 800-1000 доллар киреше табам. Үчүнчү ирет каалаган автоунаамды алып, азыр кубанычтамын. 

-- Үй-бүлөң, ата-энең тууралуу ой бөлүшсөң?

-- Ата-энем азыр Орусияда иштеп жүрүшөт. Өзүбүз үч бир тууганбыз. Эжем турмушка чыгып, Ош шаарында жашайт. Биз карындашым экөөбүз үйдөбүз. 

-- Мындан аркы пландарың кандай?

-- Өзүм иштеп жаткан тармак боюнча ЖОЖдорго сырттан окууга тапшыруу максатым бар. 

-- Азыркы өсүп келе жаткан муун башкача, көп нерсеге жөндөмдүү, бирок сага окшоп киреше тапканды биле беришпейт. Аларга кандай кеңештериң бар?

-- Ар бир нерсеге кызыгуу менен умтулуу болсо эле ойлогон максаттарга жетсе болот. Эгер баланын кызыгуусу, умтулуусу болбосо, ар кандай кымбат курстар же окуулар деле жардамга келе албайт. Бүгүн интернеттен эле көп нерсе үйрөнүп алууга болот. Мен улуу адамдардан билбегенимди сурап, жооп алалбай шагым сынган учурлар болгон. Бирок, өзүм менден кичинелерге билгенимди үйрөткүм келет. Азыр графика жагына ыктап, аны үйрөтө турган курстарга кызыгып жүрөм. Дагы да билгенден билелегим көп деп ойлойм. Графика, оператор, монтажер, CММ, диктор – баарын үйрөнүп, бир алып кетким келет. 

-- Шык берүүчү тренингдерге барып, видеолорду көрүп турасыңбы?

-- Андай тренинг, видеолордон анчалык деле шык ала албайм. “Мынча жашында миллион тааптыр” деп көрүп койгондо эмне, болгону адамдын талыбаган эмгеги, аракети гана керек. 

-- 5% болсо да таасири тийет да. Мисалы, бир күндү бөлүштүрүп, “ушунча иш аткарууга жетишишим керек” деген план коюшуң мүмкүн...

-- Эртең менен ойгонгондон тарта эле заказдар түшө баштайт. Келечек күнүмдү ойлонбойм дагы.

-- Сендей керектүү жаштар көбүрөөк каражат сунуштаса эле чет жактарга кетип жатышат. Сени чакырса кандай кабыл аласың?

-- Мен өз өлкөмдө эле калып, өз жериме пайдалуу иш жасагым келет. Бир аз башын иштетип, иштин көзүн тапса эле өз өлкөбүздө иштесе болот. “Бул жакта жумуш жок” деп чет жакка кеткендерди туура көрбөйм. 20 миң сом айлык алып жатып, аны чанып, 30 миң сомдук жумуш үчүн чет жакка кетиштин кереги жок. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер