Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Ажибаев: “Лейлекке иш орундарын ачып, элди кармап калыш керек”

Чыңгыз Ажибаев: “Лейлекке иш орундарын ачып, элди кармап калыш керек”

13-май, 09:00
563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чыңгыз Ильяскожоевич, Лейлек районуна шашылыш түрдө дамбаларды куруу зарылдыгын айттыңыз. Ал жакта да сел жүрүү коркунучу барбы?

-- Раззаков шаарында, Чимген жана башка айылдарда ондон ашык сай бар. Алардын бирөөсүнө дагы быйыл көңүл бурулган жок. Ушул жагы өкүндүрөт. Ооба, Лейлек районунда да сел коркунучу күтүлгөн жерлер көп. Жыл сайын сел келип, жолдорду, үйлөрдү алып кетет. Ошон үчүн «селден коргоочу дамбаларды курбаса болбойт» деп дайыма какшап айтып келатабыз.

-- Бюджеттен каралганбы каражат?

-- «Атайын дамба үчүн» деп каралган-каралбаганын белбейт экенмин. Бирок, ӨКМге бюджеттен акча бөлүнөт. Ошонун эсебинен жасаш керек.

-- Өткөн демалыш күндөрү округга барып келсеңиз керек. Шайлоочуларыңыз эмне көйгөйлөрдү айтышты?

-- Эң башкысы, чек ара, жумушсуздук маселеси. Мектептер, бала бакчалар жетишсиз. Ички жана тышкы миграция өсүп жатат. Иш орундары менен камсыз кылып, элди кармап калыш керек. Эң негизги максат ошол. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер