Акыркы кабарлар
» Коом » Баткенде жарандыкка каттоо үчүн документтер жеңилдетилген шартта кабыл алына баштады
Баткенде жарандыкка каттоо үчүн документтер жеңилдетилген шартта кабыл алына баштады
25-ноябрь, 05:01

Кыргызстандын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибинен этникалык кыргыздар жана өлкөнүн жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдар пайдалана алышат. Баткен облусунда 23-ноябрдан тарта жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгына каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Документтерди кабыл алуу пункту Баткен шаарындагы калкты тейлөө борборунун имаратында ачылган. Бир күндүн ичинде аталган жайга 100дөн ашык адам кайрылганы айтылды. Бул боюнча документтерди кабыл алуу пункту ошол айларда биринчилерден болуп Бишкек шаарында ачылган.
“Азия Ньюс” гезити