Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Абыкеев мамлекеттик катчылыкка дайындалганда мен инфаркт болдум”

Каныбек Осмоналиев: “Абыкеев мамлекеттик катчылыкка дайындалганда мен инфаркт болдум”

15-июль, 13:10
2 092 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Садыр Жапаровдун тегерегиндеги адамдар тескери жолго алып баратканын өз баракчаңызга жазып атасыз. Алар кимдер?

-- Садырды Сүйүнбек Касмамбетов, Медет Букуев, Арслан Койчиевдер курчап алышып, өздөрүнүн иштерин жасап атышат... 

-- Эмне болгон иштер?

-- Алар коррупцияга белчесинен батып калышканы жалганбы? Айрыкча Сүйүнбек Касмамбетов. Энергетика, бажы, салык тармагынан акча жасашканы талкууда. Медет Букуев болсо ЖОЖдорду башкарып алган. Ар бир ректордон 50 миң доллардан алып атканын угуп атам...

-- Сиз бул маселелер боюнча Садыр Жапаров менен сүйлөштүңүз беле?

-- Жок. Мени ага жакындатпай коюшту. 

-- Сиз мамлекеттик катчы кызматына дайындалмаксыз да, туурабыАнан эмне болуп кетти?

-- Мени октябрда Садыр Жапаров конституциялык кеңешмеге чакырып, мүчө кылып, мамлекеттик катчыны киргизиңизчи, ошону сиз башкарып бересиз деди. Мен баарын жасадым. Анан ал орунга Абыкеев отуруп алды. 

-- Сизге сунуш түшсө, баарын жасасаңыз, анан кандай жол менен Чолпонбек Абыкеев ал орунга келип калды?

-- Менин бир гана оюм – Кыргызстанды бир идеяга байлап, көтөрүү болчу. Ошондо Чолпонбек Абыкеев менен Акылбек Жапаров каршы чыгышкан. Эми бул оюмду тартып алышты. Абыкеев мамлекеттик катчылыкка дайындалганда мен инфаркт болдум!


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер