Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көкүмбек ТАШТАНАЛИЕВ: “Кербен, Исфана шаарларынын, Талас жана Баткен облустарынын 130 айылында таза суу маселеси чечилет”

Көкүмбек ТАШТАНАЛИЕВ: “Кербен, Исфана шаарларынын, Талас жана Баткен облустарынын 130 айылында таза суу маселеси чечилет”

20-декабрь, 15:31
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин директору менен маек.

 

-- Көкүмбек Жумагулович, суу менен камсыздоонун абалы кандай? Келерки жылы сугат башталганда көйгөй жаралбайбы?

-- Суунун таңкыстык цикли былтыркы жылдан сезиле баштады. Биз суу сактагычтарга сууну максималдуу түрдө топтогонго аракет кылып жатабыз. Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычында Кудай буюрса, биздин алдын ала божомолдордун негизинде долбоордук кубаттуулукка чейин суу топтоого мүмкүнчүлүк болуп жатат. Кудай буюрса, толот. 

Суу проблемасы кийинки мезгилде ажиотаж болбошу үчүн райондук, облустук суу чарба башкармалыктары аркылуу биз жеринде сугат ишин эртерээк баштаганга үндөп жатабыз. Өсүмдүктөрдүн фазасына жараша кыйынчылыктар бир топ жеңилдейт. Акыркы жылдары өзүңүздөр билесиздер, бизге ремонтко бөлгөн каражаттын 80 пайызын мамлекет май айына чейин берип жатат. Бул дагы ремонт иштерин толук кандуу, вегетациялык сугат мезгилге чейин бүтүргөнгө шарт түзөт. Кудай буюрса, биз бул аракеттерди күчөтүп, эмдиги жылы проблема чыкпоосуна далалат жасайбыз. 

-- Улуттук “Энергохолдингдин” маалыматы боюнча, быйыл Токтогул суу сактагычына 17,2 миллиард кубометр, башкача айтканда, өткөн жылкыга салыштырмалуу 2,1 миллиард суу аз жыйналыптыр. Мунун себеби эмнеде?

-- Өзүңүздөр билесиздер, Токтогул суу сактагычындагы суу энергетикалык режимде коё берилет. Ошондуктан, булар энергетика министрлигинин балансында. Суунун көлүмү энергияны иштеп чыгууга жараша болот. Андыктан, бул суроого энергетиктер жооп берешет го.

-- Бүгүн таза суу боюнча үч мыйзам долбоору каралып жатпайбы. Алар таза суу көйгөйүн канчалык деңгээлде чече алат?

-- Алар Кербен, Исфана шаарларынын, анан Талас менен Баткен облустарында 130 айылында маселесин чечет. 

-- Бул долбоолор негизинен кредиттин эсебинен ишке ашырылабы?

-- Кредити да, гранты да бар. Шаарларга берилген каражаттын дээрлик 70 пайызга жакыны грант, 30 пайызы кредит. Ал эми Ислам өнүктүрүү банкы бөлгөн каражат толугу менен кредит. Ал 25 жылга берилет. Беш жылдык мөөнөтү жеңилдетилген, башкача айтканда, төлөнбөйт. Объект пайдаланууга берилгенден кийин жыл сайын бир пайыз менен төлөө башталат. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер