“Алмамбет Салиев көрсөтмө берсе, Соке сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат”


-- Убагында Сооронбай Жээнбековдун оң колу катары Алмамбет Салиев буйруктарын аткарып жүрүп, акыры оор кылмыштарга айыпталууда. Эмне үчүн Соке сурактардан сакталып калууда?..

Назгүл Мамытова, журналист:
-- Алмамбет Салиев Сооронбай Жээнбековдун мурдагы оң колу, дээрлик заказдарын аткарган кишиси болгонун баарыбыз эле билебиз. Ал баардык укук коргоо, сот, прокуратура органдардын үстүнөн үстөмдүк кылып турган “серый кардинал” болгон. Мени Атамбаевдин журналисти катары көп куугунтукка алган. Телефон номеримди прослушкага койдурган. Эгер Алмамбет Салиев чындыкты айтып көрсөтмө берсе, анда Сооронбай Жээнбеков сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат деп ишенем.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:
-- Алмамбет Салиевдин азыркы камалып аткан иши – бул бир эле чекеси. Эң оор кылмышты Кой-Таш окуясында кылган. Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, анан Соке төртөө биригип алышып, кыргыз элине “геноцид” кылышкан. Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш убактылуу тупикте турат. Жогоруда аттары аталгандар мүмкүн ойлоп атышкандыр, “убакыттын созулушу менен биз кутулуп кетебиз” дешип. Эч качан эч кайда кутулушпайт. Соке “мурунку президентмин” деп атат, бу да убактылуу нерсе. Кези келгенде түрмөдөн орун алат, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде болот. Учурдагы президент Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун тушундагы 5 генералды чиндеринен ажыратты. Муну абдан туура чечим катары баалайм. Акырындап Сокеге да кезек келеринен коңгуроо, белги. Кой-Таш окуясындагы соттук ишке жогорудагы адамдарды күбө катары чакыруу боюнча сотко кайрылдык. Менимче, жакында ишке ашат деген божомолум бар...

Асел Кодуранова, коомдук ишмер:
-- Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди 2025-жылдын 4-январына чейин камакта калтырганы боюнча ошол эле райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси, мындайча айтканда, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” айыбы тагылып атат.
Алмамбет Салиев 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин иштеген. Кызматта турган кезинде тез аранын ичинде таасирдүү адамга айланып, сотторду жана күч органдарын көзөмөлдөп турган. Ооба, Сооронбай Жээнбековдун оң колу болгон. “Бөрк ал десе баш кескендердин” бири экени коомчулукка белгилүү.











