Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Жек көрүүнү – сүйүү, жалганды – чындык, өкүм зордукту – сабырдуулук менен жеңиш керек
Жек көрүүнү – сүйүү, жалганды – чындык, өкүм зордукту – сабырдуулук менен жеңиш керек
11-ноябрь, 10:13

Ар бир кыйынчылыктын артынын жеңилдик келет.(Куран: 94-6)
Алла Таала үч жол менен жооп берет: “макул” дейт да, сен эмне кааласаң берет. “Жок” дейт да, жакшысын берет. “Чыда” дейт да, эң мыктысын берет.
(Жалалиддин Руми)
Сабырдуу болгула! Ылай тунуп, суу тазарсын, ошондо туура аракеттер өзүнөн өзү пайда болот.
(Лао Цзы)
Сабырдуулук жеңиштерге жол ачат, сабырдуулуктун артынын дайыма ийгилик ээрчип жүрөт.
(Хафиз Ширази)
Үй-бүлөлүк турмуштун алтын эрежеси -- сабырдуулук жана кечирим.
(Смайлс Сэмюэл)
Чыдаганга жөндөмдүү киши өзү каалаган нерселердин баарына жетишкенге жөндөмдүү.
(Бенджамин Франклин)
Сабырдуулук менен убакыт кара күч менен эңсөө кумарга караганда көбүрөөк пайда берет.
(Жан де Лафонтен)
Жылуу кийим сууктан сактаган сыяктуу сабырдуулук да кордуктан сактап калат. Сабырдуулугуңду көбөйтсөң кордук канчалык ачуу болбосун сага таасир эте албайт.
(Леонардо да Винчи)
Баардык кыйынчылыкка бир гана дары бар – сабырдуулук.
(Публий Сир)
Алтын отто жети жолу тазаланган сыяктуу асыл кишилер да сабырдуулугу менен сыналат.
(Карпов Федор Иванович)
Эркек той күнүн кийинкиге жылдырганга чыдамы жетет, бирок, биринчи нике түнүн жылдырганга чыдамы жетпейт.
(Константин Мелихан)
Сабырдуу киши гана ишинин аягына чыга алат, сабырсыз адам чалынып жыгылат.
(Саади)
Жек көрүүнү – сүйүү, жалганды – чындык, өкүм зордукту – сабырдуулук менен жеңиш керек.
(Махатма Ганди)
Сабырдуулук – бул үмүт кылуу искусствосу.
(Воверанг Люк де Клапье)
Чыныгы даанышманды анын канчалык сабырдуу экендигине карап билсе болот.
(Генрик Ибсен)
Акылдуу падыша дайыма сабырдуу.
(Саади)
Эгер мен чындап аткан болсом, бул менин жаным ооруган жок дегенди билдирбейт.
(Марта Кетро)
Эгер аял балык сыяктуу муздак болсо, эркек балыкчы сыяктуу сабырдуу болушу керек.
(Константин Мелихан)
Элдин сабыр кесеси толгон кезде анын ичиндеги суюктук күйүүчү май сыяктуу болуп төгүлөт.
(Ашот Наданян)
Таңкалычтуу. Сабырдуулук жаш өткөн сайын келет экен. Жашың канчалык аз калган сайын сабырдуулугуң ошончолук артат.
(Элизабет Тейлор)
Эгер акыр-аягында мен айткандай болсо, мен аябай сабырдуумун.
(Маргарет Тетчер)
Сабырдуу адам баатырга караганда да жакшы.
(Сулайман падышанын айткандарынан)
Сабырдуулук чөптү сүткө айлантат.
(Элдик макал)
Сабырдуу болмоюнча эч ким даанышман боло албайт.
(Ант)
Бизди көп учурда темирдей нервибиз эмес, резинадай чыдамдуулугубуз сактап калат.
(Андрей Соколов)
Издегенди токтотсоң гана табасың. Бергенге үйрөсөң гана аласың. Көзүңдү жумуп, жүрөгүңдү ачсаң гана көрөсүң,
(Динара Аджи)
Сабырдуулук – келесоолордун тиштеп алуусунан сактай турган эң жөнөкөй дары.
(О.Санчес)
Даярдаган Мамат САБЫРОВ
"Азия Ньюс" гезити











