Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ашыкча салмактан арылтуучу суусундук

Ашыкча салмактан арылтуучу суусундук

04-февраль, 17:00
295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар кандай диета учурунда суюктукту көп ичүү керек. Суунун ордуна бул суусундукту ичсеңиз болот, ошондой эле Сасси суунун жардамы менен күнүмдүк диетаңызды мыкты жөндөй аласыз. Айрыкча жай мезгилинде, өтө ысык кезде муздаткычта сергиткен жана даамдуу суусундуктун даяр турганы эң мыкты.

Кандай пайдалуу касиеттери бар:

-- ашыкча суюктукту организмден алып чыгарып, шишикти басаңдатат;

-- тамак сиңирүү процессин нормалдаштырат, ичегилердеги газдын пайда болушун азайтат;

-- зат алмашуу процессин калыбына келтирет;

-- чачтын жана теринин жалпы абалын жакшыртат;

-- денени керектүү суюктук менен каныктырат;

-- иммундук системаны көтөрөт.

Арыктоо үчүн жеңилдетилген коктейлдин рецепти ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, аны баары эле даярдап алып колдонсо болот деп ойлойм.
Бул суусундукту төмөнкү шарттарда колдонуу сунушталбайт, эгерде:

-- цитруска аллергиясы бар болсо;

-- бөйрөк функциясында маселеси болсо;

-- ашказан жарасы жана башка ичеги-карын оорулары бар болгон болсо.

Даярдоо үчүн 2 литр ичүүчү суу, 1 орто лимон, 1 орто бадыраң, 10-15 жаңы жалбыз жалбырактары, 1 аш кашык майдаланган имбирдин тамыры керектелет. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер