Коко Шанель: “Эринчээктик – аялдын келбетин, жандүйнөсүн да бузат”


Аялдын иштери канчалык жаман болсо, ошончолук татынакай көрүнүшү шарт.
Эркектин жашоосунда бир гана аял болот. Калгандары бүт анын элестери.
Эркектердин сүйүүсү үчүн биз сулуу, а эркектерди биз сүйүү үчүн келесоо болушубуз керек.
Мен тууралуу кандай ойдо экениңиз мени кызыктырбайт. Сиз тууралуу мен такыр эле ойлобойм.
Башка жыйынтык күтсөңүз, башка жумушту жасаңыз.
Сулуу эмес аял болбойт, жалкоо аялдар болот.
Карылык сүйүүдөн коргой албайт, бирок сүйүү карылыктан коргой алат.
Сулуу болуп жаркылдап-жайнап жүргүңүз келсе, эң алгач жандүйнөңүздөн баштаңыз.
Аялзаты үчүн эң негизгиси – дайыма кыймылда болуу. Эринчээктик – аялдын келбетин, жандүйнөсүн да бузат.
Чыныгы айым маанайы түшсө да, кубанса да сыр бербейт.
Чыныгы сүйүү арзан турат. Эгер кымбат букет же унаа менен коштолсо, анда ал сүйүүнүн өмүрү кыска.
"Азия Ньюс" гезити











