Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мансапкорлордун эсине: тозоктон жылуу орун баарыңарга табылат...

Мансапкорлордун эсине: тозоктон жылуу орун баарыңарга табылат...

26-январь, 14:24
845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аракетчил атка жүктүн баарын артып салышат.

(Томас Фулер)


Көчүк жактан өскөн кол креслого жармашканга эле жарайт.

(Александр Минченков)


Баары начальник болгусу келет, бирок, баары эле башкарганды эмес, бийлик жүргүзгөндү каалашат.

(Владимир Борисов)


Эмгекчил аары ачуу гүлдөн деле бал жыйнай алат.

(Максим Богданович)


Сен мага колуңан кайсы иш келбесин айтсаң, мен сени кайсы ишке дайындоону ойлонуп көрөйүн.

(Михаил Генин)


Эң бийик чокуда эчтеке өспөйт.

(Юл Бриннер)


Мансапкорлордун эсине: башкасын билбейм, бирок, тозоктон жылуу орун баарыңарга табылат...

(Борис Крутиер)


Нан кол эмгеги менен табылат, ал эми май табыш үчүн башты иштетиш керек.

(Юзеф Булатович)


Эмгеги үчүн акы алгандан кийин гана маймыл адамга айланган.

(Михаил Лашков)


Ким кызматынан жогорулагысы келсе, өзүн да, башкаларды да курмандыкка чалууга тийиш

(Э.Эчеверрия)


Адамдар өзүнүн катачылыгынан сабак алып, башкалардын катачылыгынан карьера жасашат.

(А.Фюрстенберг)


Чин жогорулаган сайын чынчылдык жоголо баштайт.

(Д.Фонвизин)


Көлөкөдө турган аздык кылат, кимдин көлөкөсүндө турганды да билиш керек.

(Е.Торосов)


Университетке илимдин храмы катары барбагандар ага карьеранын босогосу   катары барышат.

(Д.Писарев)


Ийгиликтүү карьераны экзаменди жакшы тапшыруудан баштап, компетенттүү кошоматчылык менен улантып, колуктуну компетенттүү тандоо менен өнүктүрсө болот.

(С.Паркинсон)


Уят-сыйыт дегенди жоготкула, уят – бул жашоодо бат ийгиликке жетүүнү каалагандардын эң чоң душманы.

(О.Мирабо)


Кол астыңдагыларды көзөмөлдөбөө – аларга капчыгыңды ачык калтырып  кеткендей эле кеп.

(Бенджамин Франклин)


Эгер өзүң жогорулагың келсе, башка бирөөнүн жогорулашына жардам бер.

(Букер Вашингтон Т)


Сен начальник болсоң – мен келесоомун, мен начальник болсом – сен келесоосуң.

(Осетин накылы)


Аялдар үчүн карьеранын мыйзамы: 1) эркек сыяктуу ойлон; 2) өзүңдү леди катары алып жүр; 3) ат сыяктуу иште.

(Артур Блох)


Карьера коомдо, талант жеке турмушта жаралат.

(Мэрилин Монро)


Үй-бүлөлүк бакыттын жоктугу карьералык өсүүгө шарт түзөт.

(Юлия Пересильд)


Бир тааныш лифтёр айткандай, турмушта жогорулоо да бар, төмөн кулоо да бар.

(Альфонс Алле)


Мен эмне үчүн таланты жок кишилер ийгиликке жетишерин түшүндүм. Алар арак ичишпейт, эртеден кечке карьера менен алек болушат.

(Фрунзик Мкртчян)


Ар кандай жогорулоонун куламайы бар.

(Борис Лесняк)


Бизнес окко караганда да бат өлтүрөт.

(Бернард Шоу)


Кээде кызмат абалыңдын эң чокусу дарга болуп чыгат.

(Борис Юзефович Крутиер)


Мамат САБЫРОВ 

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер