Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзүңүздү өзүңүз чарчаткан жагымсыздыктар кайсылар? Алардан арылуунун жолдору

Өзүңүздү өзүңүз чарчаткан жагымсыздыктар кайсылар? Алардан арылуунун жолдору

20-март, 17:32
1 335 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таң эрте эс алып эмес, чарчап ойгонуу, уйкусуроо, алсыз абал, күн бою талыкшып отуруу, андан улам кыжырданып жүрүү – мунун баары организмдин ар дайым чыңалуу абалда болуусунан улам келип чыгат. Эс алуу күндөрү да ойдогудай жеңилдикке ээ боло албай, кайрадан иш жумалыгын баштоо, азыркы кезде бул көрүнүштөр ар бирибизге тааныш. Организм тыныгып, эс ала албай өтүшүп кеткен учурда невропатолог, психиатр жана иммунолог сыяктуу атайын адистерге кайрылууга туура келет. Бирок кандай болгон күндө да бул абалдан чыгуу зарыл. Ал үчүн өзүңүздү өзүңүз чарчаткан жагымсыздыктар кайсылар экенин билип, андан кутулууга дароо кадам таштаңыз.

Чарчаңкы абал, алсыздык жана уйкусуроонун түрдүү себептери бар. Белгилүү болгондой, бул мезгил алмашууларда көп кездешет. Биринчи учурда сезондук депрессия деп аталган көрүнүштө мелатонин бөлүп чыгаруудагы тең салмактуулук начарлайт. Бул зат түнкүсүн уктап жаткан учурда бөлүнүп чыгат. Күндүн чыгышы менен тарап кетет да, анын ордуна бактылуулуктун жана жакшы маанайдын гормону болгон сератонинге кезек келет.

 Организмди коргоочу күчтөрдүн алсызданышынан улам физикалык активдүүлүк жоголот. Таза аба жетишпейт. Себеби, көбүнчө жабык мекемелерде, унааларда жүрүү менен таза абада дем алууну, тоого, токойлорго барууну унутуп калабыз. Эмоционалдык чарчаңкы абал түрдүү түстөрдүн жетишсиздигинен көпчүлүк учурда жашыл өңдүн аз болгонунан пайда болот.

Булар баардык белгилери болуп саналбайт. Буга уйку безинин, жүрөк, боор жана бөйрөк ооруларынын жетишсиздиги, онкология оорулары жана инфекция күчөгөн маалга туш келсе жана ушу сыяктуу оорулардан улам пайда болушу ыктымал.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер