Аялымдын башка эркек менен мамилеси жашообуздун таш-талканын чыгарды


Мен аялымдын башка бир эркек менен мамиледе болгонун билип калгам. Ошондо ажырашуу алдында турсак да, балдарым үчүн кечирип, кайра жашоону чечкем. Аялым күнү-түнү кечирим сурап, бул окуя экөөбүздүн ортобузда эле калышын суранган. Мен ага ишенип, далилдеримди жок кылып салгам.
Бирок кийин үйдө болор-болбос нерселерден чыр чыгып, акыры аялым балдарды мага таштап, өзү кетип калды. Мен да ачууга алдырып, талак берип салган элем.
Арадан эки жылдай убакыт өттү. Аялым кеткенден 7-8 ай өткөндөн кийин башка адамга турмушка чыкканын уктум.
Ушул жылдын июнь айында расмий никени бузуп, балдарымдын жашаган жерин атасы менен деп аныктап берүү үчүн сотко кайрылдым. Бирок аялым ушул убакка чейин сотко катышпай келди.
Эми акыркы убакта үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамга сунуш киргизилип, бул маселе коомчулукта талкууланып жатканда, аялым кайрадан пайда болуп, мага каршы арыз жазып, балдарды менден алып кетүүнү көздөп жатат. Чынын айтсам, эмне кыларымды билбей, аябай тынчсыздануудамын. Эки жылдан бери балдарымдын жанында болуп, аларды багып, чоңойтуп келе жатсам, эми алардан ажырап каламбы? Коркуп турам...
Урмат











