Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бири-бириңерге өчөшүп турмуш куруп кетпегиле!”

“Бири-бириңерге өчөшүп турмуш куруп кетпегиле!”

22-декабрь, 19:44
1 970 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен мындан 10 жыл мурун бир бала менен үч жарым жылдай сүйлөшүп жүрдүм. Экөөбүз баш кошмокчу болуп, мен андан мурда айылга келгем. Анан ал дайынсыз болуп кетти. Көрсө, жакын сырдашып жүргөн курбумдун алыс тууганы болот экен. Ал мен тууралуу жаман сөздөрдү айтып, менден ажыратты. Кыскасы, мага ишенбеди, мен да ага өчөшүп, тааныбаган, билбеген жигитке турмушка чыктым. Аллага шүгүр, балдарым бар, бирок биринчи сүйүү эстен кетпейт экен. Билем, башканы ойлоп, туура эмес иш кылып атам. Кээде интернеттен издейм, эски почтасын таап, чукулай берем. Ал тууралуу издей берем. Аялынын сүрөттөрүн көрүп, ичим күйөт. Мен жаңы турмушка чыкканда капыстан бир тойдо көрүшүп, бири-бирибизди карап, көздөн жаш куюлган. Андан бери көрүшө албадык. Айтарым, бири-бириңе өчөшүп турмуш куруп кетпегиле. Бири-бириңе ишенгиле!

Диля
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер