Жүрөк эзилип узак ыйлады...

Алар он үч жыл бирге турду. Бири-бирин сүйдү, бирок балалуу болушпады. Ажырашты. Эртесинде күйөө үйгө келип, шифоньердин ичин узак карады. “Бир нерсе калып калыптыр...” деди өксүк үн менен. Аял да анын кеткиси келбегенин, эч нерсе издеп жатпаганын, сезимдерин узак сактагысы келгенин түшүндү.
Экөө кучакташып, бири-бирин кыялбай кайра коштошушту. Эшиктен чыгып жатып, “жылуу кийинип жүр, күздүн суугу жаман” деди камкор үн менен.
Ал кийинки жылы үйлөндү. Келинчек да турмушка чыкты. Экөө балалуу да болушту. “Бактылуубуз” деп ойлошту...
Арадан жылдар өттү. Шаардын муңдуу жымыйып турган көчөлөрүндө капысынан жолугушушту... Экөө тең машине айдап бараткан. Адамдардын бири-бирин басып кетүүгө аз калган көчөдө жүргүзүүчүлөр бурулуп кароого да уруксат бербеди.
“Көзүңө кара, байка, фараңды жаксаңчы” деп үлгүрдү камкор үн. Келинчек сүйлөгүсү келди эле, добушу чыкпай калды. Эзилип узак ыйлады...
Өмүрдө жүрөк гана түшүнө алган, жүрөк гана уга алган, жүрөк гана издеген, эч ким, эч нерсе баса албаган сезим бар...
А.Кудайбергенова
"Азия Ньюс" гезити