Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Кытайлар ата мекендик өндүрүшчүлөр менен келишимдерди түзүп кетишти»

«Кытайлар ата мекендик өндүрүшчүлөр менен келишимдерди түзүп кетишти»

17-октябрь, 12:35
535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пекин шаарында «ЭКСПО-2019» эл аралык бак өстүрүү көргөзмөсү болуп өттү. Аталган иш-чарада Кыргыз Улуттук павильону күмүш байгени утуп кайтты. 110дон ашык өлкө катышкан эл аралык көргөзмө жана ага Кыргызстандын катышып калуу мүмкүнчүлүгү тууралуу Кыргызстан Улуттук Павильонунун директору Азат Эркебаев ой бөлүштү. 

- Азат мырза, Кытайда өткөн «ЭКСПО-2019» эл аралык бак өстүрүү көргөзмөсүнөн байгелүү кайттыңыздар. Сыйлыкка кантип жетиштиңиздер?

- Кытай көргөзмөлөрүнүн тарыхында болуп көрбөгөндөй окуя болду. Бул Пекинде өткөн “ЭКСПО-2019” эл аралык бак өстүрүү көргөзмөсү. Көргөзмөгө 110 өлкө, эл аралык мекемелер жана 120 уюм катышты. 162 күндүн ичинде 100дөн ашык улуттун жүзүн көрсөткөн ар түрдүү маараке жана 3 миң маданий иш-чаралар өткөрүлдү. 

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелорация министрлиги аталган көргөзмөгө ата мекендик айыл чарба жана азык-түлүк азыктарынын чоң, ар түркүн тандалмасын алып барып көрсөттү. “ЭКСПО-2019дун” ачылыш аземине Президентибиз Сооронбай Жээнбеков катышып келген. Расмий ачылышта мамлекет башчыбыз көргөзмөнүн Кыргызстанга керек экендигин жана көргөзмөдө өзүбүздүн экологиялык жактан таза айыл-чарба азык-түлүк өндүрүмдөрүнүн көрсөтүлүшүн айткан эле. Региондорду өнүктүрүү жылы эске алынып, республиканын бардык облустарынан өндүрүлгөн азык-түлүктөр коюлду. Күн сайын биздин павильонубузга 4 миңге чейин киши келип, көрүп жатты. Кыргызстандын товарларын, азык-түлүктөрүн Кытайга таанытып, аларды Кытай базарына киргизүүгө шарт түздүк. 

Ал эми көргөзмө жыйынтыкталып, сыйлыктарды расмий тапшыруу салтанатында биз жеңүүчүлөрдүн бири болуп табылдык. Бул биз үчүн күтүлбөгөн сыймык болду. Ар кайсы өлкөнүн 11 өкүлдөн турган калыстар тобунун тандоосу менен жана “ЭКСПОнун” уюштуруу комитетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону күмүш байге жана сертификат менен сыйландык. 

- Айыл чарба багытындагы эл аралык көргөзмө болгон соң, сыйлыктан бөлөк, дагы башка пайдалуу жактары болдубу биздин өлкөгө?

- “ЭКСПО-2019” көргөзмөсү өтүп жаткан убакта аны 10 миллионго жакын кытайлык жана чет өлкөлүк коноктор көрө алышты. Улуттук павильонду көрүп, биздин экологиялык жактан таза азык-түлүктөр менен таанышкандан кийин, Кытай өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, ата мекендик өндүрүүчүлөр менен бир нече келишимдерди түзүштү. Иш-чарага катышуу менен ушул маанилүү ийгиликке жетиштик деп эсептейм.

Айтып кете турган нерсе, Кыргызстандын чет мамлекеттерге катышып жүргөн көргөзмөлөрдүн ичинен эң эле көп сандагы өндүрүмдөр ушул көргөзмөдө көрсөтүлдү. Өлкөбүздүн инвестициялык чөйрөсүн көтөрүү боюнча кыргыз элинин маданий мурастарын көрсөтүүгө да жетиштик. 

Динар Турдугулова

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер