Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) Жогорку кеңеште депутаттар мушташа кете жаздашты

(Видео) Жогорку кеңеште депутаттар мушташа кете жаздашты

26-декабрь, 15:20
820 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар Бишкектеги кара түтүн маселесин караш керекпи же жокпу деп тартыша кетишти. «Бишкектеги абанын кирдөө деңгээлин азайтуу боюнча чаралар тууралуу» токтом долбоорунун демилгечиси Мирлан Маматалиев маселени көтөрүп чыкты.

Бирок, депутат Кожобек Рыспаев документ профилдик комитет тарабынан карала электигин айтып, регламентти бузбай маселени күндүн темасынан алып салууну сунуштады.

Марлен Маматалиев буга макул болбой, парламент абанын кирдеши тууралуу маселени карап чыкканча, жаз келет деп билдирди. 

Депутатты кесиптеши Тазабек Икрамов колдоп чыкты. 

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, экөө аз жерден уруша кете жаздады. Экөөнүн ортосуна кесиптештери тура калып, ажыратып калышты.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер