Париж олимпиадасы – тойдун эртеси...
Кезектеги ХХХIII жайкы олимпиада оюндары тасмалын жыйды. Франциянын борбору болгон Париж шаары 20 күнгө жетпеген убакыт бою спорт майрамына баш-оту менен сүңгүп турду. Төрт жылда бир келүүчү кылчайнашмай мааракеде дүйнөнүн булуң-бурчундагы 206 өлкөдөн 10500 атлет билек түрө “мен эле мен!” деп спорттун 32 түрүнөн, 329 медалдар топтому үчүн күч сынашты. Анын арасында биздин Кыргызстандан барган 16 азаматтарыбыз да болду.
Биздин олимпиадачыларды ордо калаанын Турдакун Усубалиев атындагы аянтта шатыра-шатман тосуп алышып, мамлекет тарабынан болгон сый-ургаалдар көрсөтүлдү. Акчалай сыйлыктардан тышкары, ар бирине темир тулпардын ачкычтары берилди. Чынын айтыш керек, эгемен алган аралыктан бери (33 жыл ичинде) олимпиада катышуучуларына мамлекет тарабынан мындай колдоо болбогонун айтып коюу кажет. Ал эми болору болуп, боёсу канган ишке сын айтуу ашыкча деп ойлойм. Албетте, Европага аттанган спортчуларыбыздын, анын ичинде балбандардан олимпиада чемпиону болуп келишин күткөнбүз. Баса белгилей кетчү жагдай, мушкер балабыз баарыбызды кубантып, кыргыз спортунун тарыхына жаңылык киргизип, Мунарбек Сейитбек уулу олимпиаданын күмүш медалынын ээси болду. Андан сырткары, Мээрим Жуманазарова күмүш, Айсулуу Тыныбекова коло, Жоламан Шаршенбеков коло, Акжол Махмудов коло, Үзүр Жусупбеков коло байгеге татыды.
Азырынча ушу, олимпиада кызыктарына кийин кененирээк токтолуп, күнгөй-тескейинен жана биздин сыймыктуу азаматтарыбыздан кеп учугун уламакчыбыз.