Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Осмонакун ИБРАИМОВ, экс-мамлекеттик катчы: “Парламентти таратардан мурун, партия жөнүндөгү мыйзамды оңдоо зарыл”

Осмонакун ИБРАИМОВ, экс-мамлекеттик катчы: “Парламентти таратардан мурун, партия жөнүндөгү мыйзамды оңдоо зарыл”

07-октябрь, 10:10
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Осмонакун агай, учурда “парламент тарайт” деген кептер бар, тарашын колдойсузбу?

-- Парламентти эбак эле таратыш керек эле. Бирок, азыр таратып кереги жок. Себеби, таратыш үчүн даярдык болуш керек. Кандай даярдык? Адегенде, биз партия жөнүндө мыйзамды оңдошубуз керек. Экинчиден, парламент дегендин концепциясын туура түзүшүбүз керек. Акаевдин убагында парламентти экиге: мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөр палатасы деп бөлгөнбүз. Менин сунушум, ушуну кайра кайтаруу зарыл. Ал эми муну кайтаруу үчүн жана мен айткандай, партия жөнүндөгү мыйзамду оңдоо керек. Эмнени ондоо керек? Биринчиси, партиялык кассаны, акча чогултуу дегенди сөзсүз бухгалтерия аркылуу өткөрүү керек. Экинчиси, ачык-айкын кылуу, үчүнчүсү, “кезекти сатуу” деген нерсе болбош керек. Эң негизгиси, партия деген бирөөнүн жеке менчик фирмасы эмес, ал деген коомчулуктун ичиндеги саясый күч. Партиянын ичинде демократия болбогондон кийин, андан эч нерсенин күтүп кереги жок. Батышта ар бир партиянын ичинде укмуштуудай күрөш жүрөт, партиянын ичинде саясый процесс бар. Бизде азыр бизнестин эң жакшы түрү партия түзүү болуп калды. 

Дагы бир маселе бар. Партия менен элдин ортосунда байланыш жок. Шайланганга чейин көздөрүн жалдыратып келишет, шайланып алар замат телефондорун ала албайсың, же кире албайсың, жолуга албайсың. Депутаттардын ким экенин тааныбайсың. Мисалы, мен депутаттын көбүн тааныбайм. Илгери, башкача эле го? Өзүңдүн районуңдан, элиңден бирөөнү шайлайсың, ошодон сурайсың. Азыр андай жок. Паракорлуктун баары партиялардын азабынан болуп жатпайбы. Эки сөздүн башын кошо алышпайт, жазып берген текстти окуй алышпайт. Мына, биздин парламенттин кейпи!

Ошон үүн адегенде биз парламентти тараткандан мурун, кандай кылууну ойлонуу керек. Таратып салыш опоңой. Азыр таратып салсаң, кайра ушулардын 80 пайызы келет. Бизге ушундай парламент керекпи? 


Дария БАЙКЕЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер