Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандын политбюросун түзөлү

Кыргызстандын политбюросун түзөлү

05-март, 22:41
642 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курултай кыймылын уюштурган Азимбек Бекназаров эски бийликке “2” деген баа коё турган болгондо, алыскы Малайзияга элчи катары жөнөтүп ийишкен. Же англисче билбесе, же малай тилинде сүйлөй албаса, жалдырап отура бермек беле? Андан көрө өткөндөрдү шурудай тизип  чогултуп, баарына президент Садыр Жапаров жооп берерин эскертти. Кыргыз президенттерин жарга такаган “бульдозер” катары коррупция менен мафияны биротоло сүрүп таштаса, жер бети жеңилдей түшөөр эле.

2010-жылы Убактылуу өкмөт мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров башпрокурор болуп турганда Кумтөр мафиясын, Бакиевдин мүлктөрүн, банк ячейкаларынан уурдалган миллиондорду, прихватизацияларды, дагы башка көп сандаган иштердин аягына чыкпай калган. Өзү элдик адам катары Кыргызстанга кайтып келип, “элдик прокурор” болуп берсе, мамлекетке, элге чоң пайда келтирмек. 30 жылдан бери прихватизация болуп кеткен объекттерди реприватизация кылып мамлекетке кайтарса, коррупционерлерди ким кандай кустуруп жатканына көз салы, мамлекеттик комиссия түзсө абдан туура болмок. Анткени, коррупционер жүздөн бир бөлүгүн кусуп берсе, анысын калган коррупционерлер жалап-жуктап жеп кетишсе, коррупция мурдагыдан да көбөйүшү мүмкүн. 

Ич ара сүйлөшүү жолу менен “бармак басты, көз кысты” болгон коррупциялык иштерди кыргыз эли кайдан билмек эле? Мындай учурда баарын ачык айтып ашкерелеп турган Бекназаровдун мамлекеттик комиссиясы керек болуп турат. Эки жолку элдик революциянын “бульдозери” болгон Азимбек Бекназаровду “Лениндей акылдуу, Сталиндей кайраттуу” деп мактаса да жарашат. Кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн күрөшкөн патриоттордун сап башында турган тажрыйбалуу адамды алыскы аралга айдап ийүү – андан кутулуунун амалы болгон. 

Ошентип, 30 жылдан бери үйүлүп-жыйылып кеткен миңдеген коррупциялык иштердин чети оюла элек. Ошондуктан, таланып-тонолуп, уурдалып отуруп жок болуу абалына келген Кыргызстанды өнүгүү жолуна салыш үчүн жалпы кыргыз элинин аракети керек. А.Бекназаров сыяктуу татыктуу профессионалдар, генералдар, чекисттер жайбаракат жүрө беришсе, жүздөгөн коррупционерлердин арасында жүрүшкөн президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге өтө эле оор болуп калат.

Мамлекеттик комиссиялар баардык тармактарда, министрликтерде түзүлүп, жыл бою иштеп турса, өнүгүү ошондо башталат. Маселен, айыл чарбасын ийне-жибине чейин билген академик Жамин Акималиев баш болгон мамлекеттик комиссия айыл чарбасын тез аранын ичинде өнүктүрө алат. Кыргызстанды көзөмөлдөп турган мурдагы коммунисттик система жок болсо, кыргыздардын курултай системасы бир жылда бир жолу чогулуп тарап кетишсе, анан коррупция менен мафия кутурбаганда ким кутурат? Коррупция менен мафияны жоюш үчүн өзүн-өзү билген капиталисттик системадан баш тартып, Россия менен Кытайдагыдай коммунисттик системага кайтып келүү керек. С.Жапаров, К.Ташиев, А.Бекназаров, Ж.Акималиев жана башка татыктуу адамдар Кыргызстандын политбюросун түзүп, саны бар, сапаты жок жеке менчик партиялар бир гана Коммунисттик партияга биригиши керек. Бир жарым миллиард калкы бар Кытай өлкөсү Коммунисттик партиясы менен өнүгүп жатышса, болгону 6 миллион кыргыздар 200-300 партияга чачырап жок болгону калышты. Ошондой эле кичинекей Кыргызстанга 120 эмес 90 эмес, болгону 50-60 депутат болсо жетиштүү. 

Капиталисттик идеологиядан баштары айланып калган кыргыздар саясый реформаны түшүнө  албаганы менен баары бир мезгил, убакыт, жашоо ошого алып баратат. Кыргыз саясатчылары тез жана чечкиндүү аракет кылып, керектүү реформаларды жүргүзсө, өнүгүү жолуна түшөбүз. Бул жерде велосипед чыгарып, ар бир спицасын бурап отуруунун кажети жок, болгону өзүн-өзү актаган коммунисттик системаны пайдаланып, мурдатан такшалган татыктуу профессионалдарды ишке тартуу керек. Баштары быша элек жаштарды алып келип, анысы ашынган коррупционер болуп чыгып, кайра-кайра ызы-чуу боло берсек, убакыттан уттурабыз. Ансыз да кайран 30 жыл убакыт бекер кетти...  


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер