“Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” Юруслан Тойчубеков

MCN Coin чуулганы менен Юруслан Тойчубеков абакка кирип кеткен. Топтошкон алдамчылардын лидерлери кармалганын күч органдары билдирди эле. Жоону чапкандай дүңгүрөтүшүп. Коомчулук дүрбөлөңгө түшкөн. Кызыгы, аягында баары жөнөкөй иш катары орун алып атпайбы. Көрсө, MCN Coin аталган уюктун насаатчысы май айында эле камактан чыгып кетиптир. “Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” дечү беле? Эске салсак, мурдагы бийликтердин тушунда Юруслан Тойчубековго “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “эшек чыры” боюнча бир канча кылмыш иштери козголуп, качып кетүүгө үлгүргөн. Кийин гана 2020-жылдагы төңкөрүштөн соң Кыргызстанга кайтып келип, кайрадан көп өтпөй “Финансы пирамидасын уюштуруу” беренесине кабылганы маалым. Ошентип, камалып чыкты. Бул абышка сексенге жакындап калыптыр. Эми тынч жашайбы?
"Азия Ньюс" гезити