Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чуулгандуу сүрөттү "WhatsApp” аркылуу тараткан кызматкер камалды

Чуулгандуу сүрөттү "WhatsApp” аркылуу тараткан кызматкер камалды

13-декабрь, 22:42
1 537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ЖМКда чагылдырылган "Мерседес" үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD мамлекеттик номерлүү автоунаанын сүрөтү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. 

Кылматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, тактап айтканда кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары колдонуу максатында адамдардын сүрөтүн бөлөк адамдарга тараткандары үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду. Аталган факты КЖБРге катталган. 

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Маниторинг борборунун ички жана сырткы видеокөзөмөлүнөн алынган толук версиядагы тасмага кароо жүргүзүү учурунда ЖКККББнын Маниторинг борборунун кызматкери А.А. ЖКЭ боюнча кызматтык маалыматты өзүнүн кызматтык компьютерине көчүрүп алып, андан соң "WhatsApp" мобилдик тиркемеси аркылуу башка адамдарга жөнөткөндүгү аныкталган. 

2019-жылдын 13-декабрь күнү А.А. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 304-беренесинде (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) каралган кылмыш белгилерин жасагандыгы үчүн шектелип Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 304-беренесинде (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк)каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын айрым кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер