Кыргызстанда аңчылар 158,5 миң жаныбарды аткан


Кыргызстанда аңчылар, анын ичинен чет элдик туристтер 2014-жылдан баштап 2018-жылга чейин 158,5 миң жаныбар менен канаттууларды аткан.
Жаныбарлардын 13 түрү үч категорияга — туяктуу, териси баалуу жана канаттуулар деп бөлүнөт.
Ушунча убакыттын аралыгында 158,2 миң жаныбар менен канаттуулар атылган. Алардын ичинен эки миңге жакыны тоо эчки, 370и аркар жана 150гө жакыны элик.
Мындан сырткары, каман, карышкыр, түлкү, коён, улар жана башка бир катар жаныбарлар да аңчылардын олжосуна айланган. Кээ бир жандыктарга болгон аңчылык азайган, мисалга ондатраны айтса болот. Анткен менен төрт жыл аралыгында кекилик уулагандар жети эсеге, атылган коёндордун саны жети миңден 10 миңге өскөн.
5 жыл ичинде канча жаныбар атылганын бул таблицадан көрүңүз: | |
Туяктуулар: | |
Тоо эчкилер | 1969 |
Аркарлар | 370 |
Эликтер | 144 |
Камандар | 115 |
Териси баалуу жаныбарлар: | |
Коендор | 18120 |
Суурлар | 4647 |
Ондатралар | 2239 |
Карышкырлар | 1154 |
Түлкүлөр | 726 |
Канаттуулар: | |
Кекиликтер | 79 968 |
Өрдөктөр | 36 920 |
Кыргоолдор | 11 169 |
Уларлар | 953 |