Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте бычакчан киши милицияга жана жаранга кол салды(видео)

Бишкекте бычакчан киши милицияга жана жаранга кол салды(видео)

20-ноябрь, 15:40
1 257 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн саат 12лер чамасында, таламандык так түшүндө Бишкектин чок ортосунда бычакчан киши милицияларга кол салып, борбордук көчөлөрдөн качып бараткан видео тарады.

Ал киши Бишкектин чок ортосунда патрулдук милициянын кызматкерине бычак шилтеди. Кол салган адамдын колунда бычак менен бирге шибегеге окшош буюм болгон.

Окуя бүгүн, саат 12:00 чамасында Логвиненко менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Видеодон бычакчан кишинин артынан кууган 3-4 патрулдук милиция жете албай, акыры  унаалар өтчү чоң көчөдөн кармаганын көрүүгө болот.

Маалым болгондой, шектүүнү кармашты. Милицияга жардамдашып жүргөн эркек киши жаракат алып, "тез жардам" кызматы алып кеткен.

Бишкек шаардык милициясы окуяны тактап жатканын билдирди.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер