Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министрге башка чапкандай сын, же Курсан Асановдун кел-кели…

Министрге башка чапкандай сын, же Курсан Асановдун кел-кели…

02-ноябрь, 19:27
1 826 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Айрым учурда ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай, аларга ишенимдин жоктугунан түзмө-түз өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болуп жатышат”, – деди ажо Сооронбай Жээнбеков милициянын кечээки майрамында.

Туура түшүнгөн эстүү жанга мамлекет башчынын тартип сактоочулардын кесиптик майрамында ушундайча айтканы – Ички иштер министрлигинин жетекчилигине карата башка чапкандай тике айтылган катуу сын. Жалпак тилге салганда, “өзүңөрдүн бакыйган министриңерден, анын орун басарларынан, тийиштүү түзүмдөрүңөрдөн чындык таба албай чыркыраган карапайым эл, ишкерлер мага, өлкө башчысына түз кайрылганга аргасыз болууда” дегени.

Карапайым жарандар, ишкер чөйрө, жалпы коомчулук кызыл шапкечендердин соңку былыктарына, элди иренжитип ичинен иригенине, жетекчилеринин ыйкы-тыйкысына карабай, милицияга дагы эле чоң үмүт менен карап турганы да айтылды. Айтор, ажо болгонун болгондой, бирок, өзүнө таандык сылык-сыпаалык менен айтты.

Чынында эле башкасын албасак да, тартип сакчыларынын бир бөлүгү зөөкүр-кылмышкерлерге жан тартып жатканы, аларды калкалап-коргогону, жеке керт башынын таламдарына “караларды” пайдалана баштаганы, анан, баарынан кейиштүүсү – министр өзүнүн бакыйган орун басарын “милицияга чыккынчылык кылды!” деп албууттанганы сыяктуу жоруктар ажонун да жанын кашайткан экен!

Дагы ачыгын айтсак, Кой-Таштагы айтылуу атайын операцияда чын кадыр-бедели ачылып калган министр анын ошол шермендесин ак көңүлдүгү менен жаап-калкалап калган орун басары Курсан Асановго ыраазы болгондун ордуна эмнелерге гана жол бербеди! Жаман бир кызыл баштыкты күбө карматып, тим эле Нат Пинкертондон бетер ошол баштыктын тегерегинде укмуштай жоромол-дөдөмөл таратканын, андан майнап чыкпай калганда, Курсандын үй-бүлөсүнө, жакындарына тийиштик кылган нерселер болуп жатканын кандай түшүнөбүз?

Ушул жагдайдан алганда, кыргыз милициясына байланышкан соңку окуялардан жана ажо Жээнбековдун ошолорду жыйынтыктаган жогорудагы кебинен улам, Ички иштер министрлигинде чоң тазалануу, реформа башталчудай.

Ал эми 2010-жылдын кан күйгөн жайында Ошто тартип орнотууга тоодой эмгек сиңирип, карапайым калктын, коомчулуктун сүймөнчүгүнө айланган, а бүгүн болсо, ак жеринен караланып жаткан, Кой-Таштагы укмуштай чиеленишкен кырдаалда милициянын гана эмес, жалпы өлкөнүн ар-намысын бийик койгон Курсан Асановдун кел-кели келип калгандай деп баамдасак болот.


Садырбек Чериков, саясат иликтөөчү

Sopsonuninfo.wordpress.com

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер