Акча чогулткан мектеп директорлор белгилүү болду. Эми алар кызматтан кетеби?
Кечээ КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдына мектеп окуучуларынын ата-энелери жана коомдук активисттер “Акча чогултууну токтоткула!” деген ураандын алдында пикетке чыгышты.
Ата-энелер, активисттер министрликтин имаратынын алдында чогулуп, министрликке кирип чыгышты. Жалпы билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө министрликтин 30-сентябрында чыккан буйруктун талаптарын аткарбаган, буйрукка баш ийбей, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, акча төлөбөгөн балдарга кысым көрсөтүлүп жатканын айткан ата-энелер тастыктаган айрым директорлор иштен алына турган болду.
Министрликтин алдына чогулган ата-энелер кайсыл мектептер дале акча чогултуп жаткандардын тизмесин айтып чыгышты. Алар: Бишкектеги № 64, 42, 77, 44, 4, 51, 38, 93, 25, 45, 91, 66, 41, 25, 27-мектеп гимназиялары жана Сокулук районундагы Ат-Башы гимназия мектеби, Новопавловкадагы № 2 мектептин жетекчилиги буйрукка баш ийген эмес.
Андан тышкары Ош шаарында жана Чүй облустарынын айрым мектептеринде да акча чогултуу уланып жатканын айткан ата-энелер нааразычылыгын ачык билдиришти.
Ош шаарындагы № 5 мектеп, Кара -Суу районундагы Тельман орто мектеби, Исфана шаарындагы Алишер Навои атындагы мектеп жетекчилиги бар.
Нааразы болгон ата-энелердин айтымында, мыйзамга баш ийбеген мектеп жетекчилиги «акча чогултуу гимназияларда гана жоюлду, жөнөкөй мектептерге анын тиешеси жок деп акча сурап жатышат», -дешет. Айрым класс жетекчилер акча чогултууну ата-энелер комитетине оодара салышканын кошумчалашты. Мындан улам ата-энелер бири-бири менен каршы чыгышууда.
Эскерте кетсек, 30-сентябрда КР Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде акча чогултуу токтотулсун, эгерде акча чогултуу болсо директорлор кызматтан кетишет деген буйругун чыгарган эле. Бирок, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ар бир мектеп ата-энелердин фондун түзүп, акча чогултулуп келе жаткандыктан бул маселе токтобой келет.
Aryba.kg