“Баатыркандын аялдарынын кошогу”


(Даректүү баян)
Көл кылаасындагы саяк элине кадыры сиңген Баатыркан деген адам жашап өткөн. Ал азыркы Тоң районуна караштуу Ботугур, Ала Баш, Кудайменде, Каба, жалпы саяк элине бир нече жолу болуш болуп шайланган. Баатыркан болжол менен 1850-жылдары төрөлүп, 1929-жылы жаңы замандын шарапатында о дүйнө салган экен. Ошол төңкөрүшкө чейинки мезгилде Баатыркан жогорку аталган урууларды башкарып, ал убактагы элге аты белгилүү болуп, зор кадыр-барк күткөн Тилекмат, Кыдыр аке, Нурдөөлөт, Байтик, Шабдан, Калыгул, Дүр, Солтобай, Чолпонкул сыяктуу эл жакшылары менен үзөңгүлөш жашап өткөн. Анын элге сиңирген эмгеги, өтөгөн өрнөгү соңку мезгилдерге чейин айтылып, эл эсинен чыкпай келет. Азыркы күндө Тоң районунун бир нече айылдарында Баатыркан болуштун каздырган арыгы жөнүндө айтылып, 1990-жылдардын башында айылдаштары атайын мааракесин белгилешип, анын эстелигин чоң урмат-сый менен орнотушкан. Баатырканды элге сиңирген эмгегинен тышкары атын алыска чыгарган алган аялдары болгон дешет. Эл оозундагы айтылган аңыз сөздөргө назар салсак, анын алты аялы болгон дешсе, айрым айылдаштарынын айтуусунда Баатыркандын төрт аялы жөнүндө айтышат. Баатыркан орто жаштан ооп, алтымышка таяп калган чагында бекер олтурганча эрмектейин дедиби же чын эле ачыгына жетейин дедиби, неси болсо да ошол алган аялдарын кашына олтургузуп: “Байбичелер, нике буюруп силер менен баш кошуп, бир табактан аш ичип, бир жаздыкта таң атырып жашап жатабыз. Байкасам, ажал айтып келбейт экен. Менин көзүм жумулса, жаманымды жашырып, жакшымды ашыра элге жар салып айтып кошчу кимиңер? Ошону көзүмүн тирүүсүндө силердин өз оозуңардан угуп калайын. Улуулата баштагыла!” деп көшөгө тартырып, ак кепинди жамынып жатып калат. Байынын адам акылына сыйбаган бул жоругу алган аялдарын апкаарытып, шаштырып салганы да чын болчу. Эми ошол турмуштук окуянын чоо-жайына өзүнчө токтололу:
Баатыркан болуш болгон Көл саякка
Тоң жердеп, кадыр күткөн көп манапка.
Ботугур эли баары ээрчип келген
Баштаса аны сыйлап кай тарапка.
Мартаба, оомат күтүп ушул элде
Алагөз, каба, саяк турган жерде
Ѳрөөнгө аты дайын адам эле
Ѳр таяп карылыкка келген ченде.
Ойлонду, өмүр барат өз жолунда
Күн санап теле-теңтуш азаюуда.
Баары бир ажал чиркин айтып келбейт
Бир күнү белден чалаар кол салууга.
Ошондо өзүм жатсам ак кепинде
Аңдабай айткандарын көп ичинде.
Чуру-чуу, сөз угулбай көпчүлүктөн
Билинбейт не айтканы бул кезекте.
Андыктан “айткыла” деп айтчууңарды
Баатыркан көздү жумуп жатып калды.
Байбиче белин бууп, үнүн жасап,
Баштады, болгон күчүн ыйга салды.
Эки-үч сап эптештирип айткан болду
Анысы Баатырканга жакпай койду.
Ишенген чоң байбиче ушул болсо
Ары жагын Баты абаң укпай “тойду”.
Кыңылдап кичи катын кирди кошуп,
Сөзүнүн мааниси жок, улам чочуп...
Ыктытып, мас кишидей кобуранып,
Ансайын оозун басат, улам окшуп.
Акыры алтынчысы “көрөр көзү”
Айтууга белен окшойт эмки сөзү.
Отуруп оозун ачса ыр төгүлдү
Оболу Баатыркандын мындай жөнү:
“Оо, Баатыркан ойронум,
Ала Башта коргонуң.
Каба менен саякты
Айдап жүрүп соргонум
Канакей төрөм, оңгонуң?
О дүйнө салган дулдулум
Тирүүлөй өлгөн кургурум.
Кошок кошту моминтип
Салбар катын кургуруң...
Падышам, алыстан бектер келгенде
Алтындан берген аягың.
Алты катын ичинде
Азабын тарткан саягың.
Арбашып жүрөт баягың.
Падышам, гүбүрнар келгенде
Күмүштөн берген аягың.
Тогуз катын ичинде
Тозогуң тарткан саягың.
Тооруп жүрөт баягың.
Падышам, баркыма менин жетет деп,
Бакачыдан мени алдың.
Баркыңды билбес болгон соң
Маңырайтып буларды
Мал коротуп неге алдың?
Падышам, кадырыма жетет деп
Катын кылып мени алдың.
Кадырга жетпес болгон соң
Кара таандай тизилтип
“Ханышаларыңды” неге алдың?
Падышам, атагыңа ишенип
Алты аялга үйлөндүң.
Эми, акылга салып билерсиң
Сага салбар катын күйөрүн...
Падышам, шалкылдайт элең тирүүңдө
Шакабаңа жол болсун
Сен, шалдая түштүң өлгөндө.
Падышам, шылкылдайт элең тирүүңдө
Шылдыңыңа жол болсун
Шылкыйа түштүң өлгөндө...”
“Шакылдаган келинди үй чечкенде көрөбүз” демекчи, мындай кашкөй келин ири алды “падышам” деп күйөөсүнүн ким экенин баяндап, андан ары какшык аралаштыра күнүлөш аялдарды да жарга такап, эч оңтоюн келтире албай жүргөндө Баатыркандын бул жоругу оңдой берди болуп, жанга жага бербеспи. Кошок кыйлага созулду. Акыры салбар катын аталган бакачынын кызынын (бакачы - Көл саяктарынын ичинде өзүнчө урук катары айтылат-Б.Б.) оозунан чыккан сөздөрү уккандарды да ойлонтуп, “падышасы” Баатырканды да толгонтту. Ошондон кийин бул келин биринчи элге алынып, андан кийин эри Баатыркан болушка жагып, салбар болуудан калган экен. Кыргыздын элдик оозеки адабиятында кошокчу, таланттуу аялдар жөнүндө да айтылып келет. Бирок, аялдар эркектен төмөн саналган өткөн доорлордогу мамиле алардын атын элге толук тааныткан эмес. Элде Баатыркан болуштун алган аялдарынын кошогу аңыз кепке айланып, ыр-күүгө шыктуулар өзүнчө айтып, күү кылып чертип келишти. Айтсак, комузчу Бейше Бакы уулу жана кыл кыякчы Датка Шааке уулу “Беш катындын кошогу” деп тартып келсе, комузчулар: Ы.Туманов, Асанаалы Кыштообай уулу, Тайып Исмат уулу “Yч катындын кошогу”, ал эми белгилүү комузчу Б.Мадазимов алты аялдын кошогун “Падышам” деп атап черткен. Баатыркан болуш жана анын кошокчу аялдары жөнүндө белгилүү кара сөз чеберлери: Т.Сыдыкбеков, К.Карасаев, З.Бектеновдор да айтып келишкен. Санжырачылар: Бектур уулу Шыгай, Рыскул уулу Сардарбек аксакалдар да анын урук-тукумдарын сүрүштүрүп, урпактары жөнүндө айрым маалыматтарды беришкен. Ал эми окумуштуу, тарыхчы Дүйшө Аймамбетовдун “Культура кыргызского народа” деген белгилүү эмгегинде да элдик кошок жанры жөнүндө маалымат берилип, мында да Баатыркандын аялдарынын кошогу жөнүндө сөз болот. Бүгүнкү күндө аталган Баатыркан болуштун урпактары айтылуу Көл өрөөнүнүн Тоң чөлкөмүндөгү саяк урууларынын арасында азыр да жашап жатышат. Бул маалыматтарды убагында агайым, педагогика илимдеринин доктору, профессор Киреше Иманалиевден да уккан жайым бар эле.
Бакыт Баймырзаев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти











